Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Тизме

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүСуу краны. Архив
Суу краны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Суунун убактылуу токтотулушуна "Контррезервуарлар" суу кампасындагы жана шаар ичиндеги түтүктөрдү оңдоо иштери себеп болууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. 21-сентябрь күнү Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка караганда, суунун убактылуу токтотулушуна "Контррезервуарлар" суу кампасындагы жана шаар ичиндеги түтүктөрдү оңдоо иштери себеп болууда.

Мындан улам саат 9:00дөн 18:00гө чейин Достоевский, Горький, Ауэзов жана темир жол линиясынын ортосу, ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы конуштарында суу болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0