Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы. Архив
Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
21-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Шейшемби күнү, 21-сентябрда, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Талас менен Нарын жергесинде +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, ал эми Ысык-Көлдө +19...+24 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +24...+26, Ош калаасында +29...+31 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0