Начар иммунитеттин алты белгиси. Буларды тоготпой коюуга болбойт

© Фото / Pexels/ Polina TankilevitchСыркоологон кыз. Архив
Сыркоологон кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Организм ээсине дарыгерге кайрылып, толук текшерүүдөн өтүүгө мезгил келгендиги боюнча белги бериши мүмкүн.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Иммунореабилитация жана алдын ала эскертүүчү медицина боюнча жеке клиниканын илимий жетекчиси Ольга Шуппо "Доктор Питер" порталына алсыз иммунитеттин тоготпой койгонго болбой турган алты белгиси тууралуу айтып берген.

Адамдын организми бири-бири менен байланышта болгон өтө татаал система. Андыктан чачтын кургашын же белдин бир нече сантиметрге чоңоюп кетишине шампунду алмаштыруу же диетага отура коюу дайыма эле жардам бере албайт. Балким, бул терапевтке же иммунологго кайрылып, толук текшерүүдөн өтүүгө берилген белги болушу мүмкүн.

1. Дайыма чарчай бергендей абалда жүрүү

Киши шабдалылар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Күзүндө ден соолукту чыңдоо үчүн кайсы тамак-ашты жеш керек
Ойгонгондо эле чарчоо сезими бар. Көптөр ушундай маанайда болот. Бул иммунитеттин алсыздыгы эле эмес, стресстен кийин нерв системаларынын калыбына келишине жоопкер болгон бөйрөктүн үстүндөгү бездердин дисбалансы. Дайыма кыжаалат болуп же бир нерсеге тынчсызданып жүргөн кишилерде аталган бездердин алсыз болуп калуу тобокелдиги жогору. Мында ал стресстин гормондорун көп бөлүп чыгарат. Анын башка клеткаларга, органдарга тийгизген таасиринен улам жүрөктүн кагышы тездеп, кан тамырлар ичкерип, иммунитет алсырайт. Тамак сиңирүү жана сырткы факторго туруштук берүү начарлайт.

2. Ич чыгып кеткенде

Адам чымыр же арык болсо деле ич чыгып калат. Ашыкча салмак деле жок, анда эмне болуп жатат? Ал  курсактын ич жагында майдын топтолушунан улам болот. Бул стресстин жана канда кортизолдун көбөйүп кетишинин белгиси. Дал ушул гормон кишиге казы байлатат. Айтмакчы, мындан улам адамда богок пайда болот. Башка дагы бир жагымсыз нерсе – дайыма болгон стресстин иммунитетти "жей" бериши.

3. Эске тутуунун начарлашы

Бул да иммунитеттин начарлашына байланыштуу. Кеп өнөкөт стресс жана калкан бездеринин функциясынын бузулушуна байланыштуу маселе туурасында болуп жатат. Аталган бездин начар иштешинен адамдын тез реакциясы жайлап, анын айынан эске тутуу жабыркайт.

4. Учуктун (герпес) көп чыгышы

Вакцинация от COVID-19 в ТЦ Кунцево Плаза - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Чоңдор кайсы ооруларга каршы вакцина алышы керек. Кеңеш
Ал эринге, жыныс мүчөлөргө чыгышы мүмкүн. Бул коргоочу системанын начарлашынан кабар берет. Организм кадимки калыбында болсо, ичтеги өнөкөт инфекцияны басып коёт, эгерде иммунитет алсырай баштаса, вирус активдешет. Учук ай сайын чыгышы мүмкүн. 

5. Аллергиялык реакциялар

Аллергендерге каршы тура албоочулук да организмде бир мандем бар экенин кабарлайт. Организм пайда болгон факторго кантип реакция кылууну билбегендиктен, вирустук бактерияларга каршы тура албай, анысын аллергия түрүндө көрсөтөт.

6. Чач түшүп, чыканактын терисинин кургашы

Бул калкан бездин гипотиреозасынан кабар берет. Жакшы иммунитет жана калкан бездин кадимкидей иштеши абдан маанилүү. Аталган безге стресстин таасиринин кесепети оңбогондой. Бул  — эске тутуунун начарлашы, чачтын түшүүсү, чыканактын кургашы сыяктуу дагы бир топко узарган тизме.

Жаңылыктар түрмөгү
0