COVID-19дан кийин чачтын түшүшүн кантип токтотсо болот? Трихологдун кеңеши

© Фото / Pixabay/ jackmac34Чач тарач иш учрунда. Архив
Чач тарач иш учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Адистин пикиринде, адам чачтын түшө баштаганын дароо байкабайт. Алгачкы белгилер оору башталгандан 3-4 жума же сакайгандан эки ай өткөн соң билинет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. COVID-19га чалдыгып сакайгандардын көпчүлүгү чачынын түшүп жатканын айтууда. Аны токтотууга өз алдынча тандап алган каражаттар жардам бере албасын Sputnik радиосунун эфиринде трихолог Юлия Нагайцева айтты.

Адистин пикиринде, адам чачтын түшө баштаганын дароо байкабайт. Алгачкы белгилер оору башталгандан 3-4 жума же сакайгандан эки ай өткөн соң билинет.

"Бул процесстин башталышы гана. Менин жарым жылдык байкоомо караганда, чач түшүп эле тим болбой, башка ооруларды дагы пайда кылууда. Албетте, түшсө дагы өзү калыбына келип, мурдагыдай калыңдыкка жеткен учурлар бар. Ал үчүн адам жаш, организми күчтүү болушу керек. Ал эми чачы оголе жукарып кеткендер адиске кайрылганы туура", — деди Нагайцева.

Анын айтымында, дарыканадагы бардык эле каражаттар чачтын түшүшүн токтотууга жардам бере бербейт.

Алматы шаарынын ооруканадасындагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Казакстанда коронавирустун нигериялык Eta штаммы аныкталды. Белгилери
"Чач түшүү — бул оору, аны дарылоо керек. Алгач организмге кайсы элемент жетпей жатканын анализдер аркылуу аныктоо зарыл. Ошондо гана дарыгер бейтапка керектүү каражатты сунуштай алат", — деди трихолог.

Ошондой эле адис COVID-19дан сакайган адамдарды медициналык кароодон өткөрүү маалында айрымдардан андрогенетикалык алопеция илдети табылып жатканын кошумчалады. Бул илдет чачтын өсүшүн толугу менен токтотуп коёт.

Жаңылыктар түрмөгү
0