Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгуналы Абдраимов. Архив

Туйгунаалы Абдраимов УКМКга жооп кайтарып, кантип байыганын айтып берди

1973
(жаңыланган 15:51 21.09.2021)
Саясатчы өмүр бою бизнесте жүрүп, Кытай, Иран, Түркия жана башка өлкөлөрдөн товар ташып соода кылганын айткан.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов мүлкү тууралуу маалымдаган УКМКга жооп кайтарды.

Ал мынча байлык кайдан чыгып калганына "өзү да таң калып жатканын айткан".

"Ооба, менин 39, 34, 31 жаштагы үч балам бар. Алар элиталык эмес жөнөкөй эле батирлерде жашайт, кымбат баалуу эмес, эски автоунааларды айдашат. Муну Бишкектин жарымы билет. Айдоо жерлерин биз 1990-жылдары жер реформасы жүрүп жаткан маалда жер үлүшү катары алганбыз. Жубайым батирге жана Көк-Жарда чакан үйгө ээлик кылат. Анын жер тилкесин 1995-жылы алганбыз. Ал эми менин конок үйүм жана мал сарайым (2005-жылдан бери) бар. Учурда Ысык-Ата курортуна реабилитациялык борбор куруп жатам. Ага инвесторлор каралашууда, өзүм 400 миң доллар кредит алгам, муну документтер менен тастыктап бере алам", — деп билдирди Абдраимов.

Ошондой эле ал өмүр бою бизнесте жүрүп, керек болсо Кытай, Иран, Түркия жана башка өлкөлөрдөн товар ташып, соода кылганын айтты.

"Ооба, Ивановка айылындагы "Кайнар" ЖАКта акциям бар. 2000-жылдары досторум Россияга, АКШга туруктуу жашоо үчүн кетип жатканда (дээрлик тыйынга тете) сатып алгам. Муну айылдыктар билет. 2000-жылдан бери карай эсептегенде деле мен 10 жыл бизнесте, 10 жыл мамлекеттик кызматта жүрдүм. Мүлк, автоунаа, жер үлүштөрүн сатып алгам, кайра саткам. УКМК анын баарын мага таандык кылып көрсөтүп коюптур", — деген Абдраимов.

Белгилей кетсек, УКМК кечээ Абдраимовду мыйзамсыз баюу беренеси боюнча айыптап, бир нече мүлккө ээлик кыларын жарыялаган. Ал жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, унаа токтотуучу 2 жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа, "Ысык-Ата" курортунун аймагындагы бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаганын билдирген.

Туйгунаалы Абдраимов мурда Борбордук шайлоо комиссиясын эки ирет башкарган, 2018-2019-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. Журналисттин келбетине асылып, коомчулуктун кескин сынынан кийин кызматтан алынган болчу.

1973
Белгилер:
Туйгунаалы Абдраимов, байлык, мүлк, УКМК, жооп
Тема боюнча
16 батир, 18 жер. УКМК Абдраимов жана жакындарына тиешелүү мүлктөрдү санады. Сүрөт
Туйгунаалы Абдраимов тергөөгө келип туруу милдеттемесин алып сурактан чыкты
Түнкү Бишкек. Архив

Бишкекте бир нече район жарыксыз калды

106
(жаңыланган 21:23 25.10.2021)
Буга чейин "Бишкек сегодня" Telegram тайпасындагылар электр жарыгы жок отурганын айтып нааразы болушкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкекте авариялык өчүрүү болуп, 6-11-кичи райондору жана Жумушчулар шаарчасы жарыксыз калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин "Бишкек сегодня" Telegram тайпасындагылар электр жарыгы жок отурганын айтышкан.

"Авариялык өчүрүү Абдыкалыков подстанциясында болжол менен саат 19:30да болгон", — деп айтылат маалыматта.

"Түндүк электр" ишканасы азыркы тапта абоненттердин линиялары башка чубалгыларга кошулуп жатканын белгиледи.

Ал эми Жумушчулар шаарчасында бригада күндүз эле кабелдик чубалгы бузулганын билишкен. Бирок азыр дагы бирөөсүн издеп жатышат. Энергетиктер маселени тезирээк чечүү үчүн болгон аракетин көрүп жатканы кошумчаланды.

106
Белгилер:
Бишкек, электр жарыгы, оңдоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров Кыргызстан качан энергетикалык кризистен чыгарын айтты
26-октябрда Бишкектин кайсы бөлүктөрүндө жарык өчөт? Тизме
Парктагы күзгү жалбырактар. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

55
26-октябрда күндүз республика аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Шейшембиде өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +15…+20, Таласта +13…+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Нарын жеринде +9…+14 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +19…+21 градусту көрсөтөт.

55
Белгилер:
аба ырайы, октябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Суукта дем алуу органдарын коргой турчу азыктардын чен өлчөмү айтылды
Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Россия-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте чек арачы. Архив

Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды

0
(жаңыланган 23:13 25.10.2021)
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан Россияга коңшу мамлекет (Казакстан) аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган.

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгандыгын белгилеген.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

"Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экспорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын Финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп жазылган маалыматта.

Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле аларга навигациялык пломбаларды орнотуп коёру кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, жүк ташуучу унаа, Россия, эреже
Тема боюнча
Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу