БУУ жана Кыргызстандын желектери. Архивдик сүрөт

Кыргызстан Афганистандан кеткен БУУ мекемелерин Бишкекке жайгаштырууну сунуштады

125
(жаңыланган 10:41 22.09.2021)
Президент Жапаров Кыргызстан афгандык жаштарга университеттерде орун берүүгө, ал эми муктаж болгондорго гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр экенин айтты.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстан Афганистандан эвакуацияланып жаткан БУУ мекемелерин Бишкекте убактылуу жайгаштырып турууну сунуштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда айтты.

"Афгандык жаштарга биздин университеттерден 500 орун бере алабыз. Ошондой эле муктаж болгондорго, биринчи кезекте Афганистандын Улуу жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтө алабыз. Афганистандан БУУ мекемелерин эвакуациялоо жүрүп жатканын эске алып, Кыргызстан аларды Бишкекте убактылуу жайгаштырууну сунушайт", — деди президент.

Жапаров Кыргызстан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча ар тараптуу иштерди жүргүзүп, эл аралык жоболорду, резолюцияларды так аткарып жатканын кошумчалады.

"Мындан тышкары, Сириядагы жарандарыбызды, аялдарды жана балдарды мекенине кайтарууда БУУнун жана кызыкдар мамлекеттердин колдоосуна ишенебиз", — деди ал.

Эске салсак, 21-сентябрь күнү "Үмүт аркылуу туруктуулукту жогорулатуу — COVID-19дан кийинки кайра жаралуу, туруктуу калыбына келүү, планетанын муктаждыктарына жооп берүү, адам укуктарын сыйлоо жана Бириккен Улуттар Уюмунун ишин активдештирүү" темасына арналган БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы ачылган. Анда Садыр Жапаров видеокайрылуу жасаган.

Анда Жапаров Кыргызстан бир гана терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү үчүн гана эмес, баңгизат жана курал, адам сатуу, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана кибермейкиндик жаатында мыйзамсыз иш жүргүзгөн трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы эл аралык аракеттерди активдештирүүгө чакырган.

125
Белгилер:
Садыр Жапаров, БУУ, Афганистан, Сирия
Тема боюнча
Садыр Жапаров Өзбекстан парламентинин төрайымы менен жолукту
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында кайрылуу жасады. Толук тексти
Экс-депутат Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан кимдер өттү? 6 талапкердин аты-жөнү

656
(жаңыланган 00:06 29.11.2021)
"Бүтүн Кыргызстан" партиясы АСУнун болжолдуу жыйынтыктарына ылайык, республика боюнча шайлоочулардын 6,5 пайыз добушуна ээ болду.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган АСУ эсебинин натыйжасы боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышына кимдер депутат болуп барары белгилүү болду.

Ага ылайык, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан алты талапкер эл өкүлү болуп келген.

  1. Адахан Мадумаров;
  2. Исхак Масалиев;
  3. Эмиль Токтошев;
  4. Алишер Эрбаев;
  5. Орозайым Нарматова;
  6. Гуля Кожокулова.

Аталган партия алдын ала эсеп боюнча республика боюнча шайлоочулардын 6,5 пайыз добушуна ээ болду.

АСУ болжолдуу жыйынтыктарды жарыялагандан кийин БШК добуштарды кол менен санайт. 18-декабрга чейин БШК парламенттик шайлоонун партиялык тизме боюнча да, бир мандаттуу округ боюнча да акыркы жыйынтыгын айтышы керек.

656
Белгилер:
Жогорку Кеңешке шайлоо, шайлоо, 'Бүтүн Кыргызстан' партиясы, депутаттар
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
"Ишеним" партиясынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? 12 талапкердин аты-жөнү
"Ыйман нуру" партиясынан депутат болчулар. Беш талапкердин аты-жөнү
"Ынтымак" партиясынан кимдер өттү? 7 талапкер
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архивдик сүрөт

Шайлдабекова БШКнын сайты эмнеге иштебей калганына жооп берди

316
(жаңыланган 00:03 29.11.2021)
БШКнын башчысы эгер шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар болсо, бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырды.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg сайты эмне себептен үзгүлтүккө учураганын түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

Шайлдабекованын айтымында, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн эки программа иштелип чыккан. Биринчиси — АСУну автоматтык түрдө эсептөө, экинчиси — АСУдан келген маалыматты жөнөкөйлөштүрүп көрсөткөн версиясы.

"Автоматтык түрдө түшүп жаткан маалыматтарды берүүнү жакшыртуу үчүн сырткы таблица иштелип чыккан. Автоматтык түрдө эсептөө версиясындагы маалымат менен кийинкисинин ортосунда айырмачылык чыгып, техникалык мүчүлүштүк кетти. Биз муну байкап калыбына келтирдик", — деди БШКнын төрайымы.

Шайлдабекова негизги система үзгүлтүккө учурабаганын белгиледи. Ошондой эле ал эгер шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар болсо бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырды.

316
Белгилер:
Нуржан Шайлдабекова, БШК, сайт, жооп
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
Эмнеге шайлоого келгендер аз болууда? БШК себептерин айтты
Бишкектеги Свердлов шайлоо округунда дагы "баарына каршылар" көп
БШКнын кызматкерлери Бишкектеги шайлоо участкасында

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча корко турган эч нерсе жок! Иманкуловдун кайрылуусу

0
(жаңыланган 01:38 29.11.2021)
Республикалык штабдын жетекчиси шайлоочулардын добушу эми кол менен санала турганын айтып, бул процесске катышууга партия мүчөлөрүн чакырган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча коркуп-үркө турган эч нерсе жок, аны бурмалаганга жол бербейбиз. Бул тууралуу парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди.

Ал ар бир бюллетенди текшерип чыгууга даяр экенин белгилеген.

"Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат. Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз", — деди Иманкулов.

Белгилей кетсек, кечээ БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

0
Белгилер:
БШК, Марат Иманкулов, шайлоо, жыйынтык, кайрылуу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШК сайтынан "жоголгон" 14% добуш. Шайлдабекова жооп берди
Жогорку Кеңеш-2021 шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы
Аял талапкерлердин арасынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? Тизме