Тез жардам унаасын өткөрбөй койгон 7 айдоочу ири суммадагы айыпка жыгылды

© Sputnik / Табылды КадырбековТез жардам унаасы. Архив
Тез жардам унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Рейд бүгүн саат 10:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлүп, айып пулдун көлөмү жалпысынан 70 миң сомго бааланган жети протокол түзүлдү. Ар бир айдоочу 10 миң сомдон төлөмөй болду.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкекте "Маяк" аталышындагы рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында жети айдоочуга ири көлөмдөгү айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан кабарлашты.

Инспекторлор айдоочулар тез жардам унаасына жол бошотор-бошотпосун текшеришкен. Бейтапты убагында ооруканага жеткирүү эки эселеп маанилүү болуп турган пандемия учурунда бул өтө маанилүү экени айтылды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от УПСМ г. Бишкек (@upsm_kg)

Рейд бүгүн саат 10:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлүп, айып пулдун көлөмү жалпысынан 70 миң сомго бааланган жети протокол түзүлдү. Ар бир айдоочу 10 миң сомдон төлөмөй болду.

Бешинчи категориядагы бул айыптар Эреже бузуулар кодексинин 4-беренесине ылайык салынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0