Бишкек: милиция Пермдеги окуядан соң окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УВД Ленинского района БишкекаМилиция кызматкери Пермдеги окуядан соң окуучуларга түшүндүрүү иштери учурунда
Милиция кызматкери Пермдеги окуядан соң окуучуларга түшүндүрүү иштери учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
Милиция өспүрүмдөргө көчөдө да, билим берүү мекемелеринде да тартипти жана мыйзамды сактоо керектигин эскертишти.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Борбор калаанын Ленин райондук милициясынын кызматкерлери Россиянын Пермь университетиндеги окуяга байланыштуу жогорку класстын окуучуларына лекция өтүштү. Бул тууралуу аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн РИИБдин өспүрүмдөр менен иш алып баруу боюнча инспекторлору №96 орто мектептин жогорку класстарынын окуучуларына профилактикалык лекцияларды окушкан.

© Фото / пресс-служба УВД Ленинского района БишкекаБорбор калаанын Ленин райондук милициясынын кызматкерлери Россиянын Пермь университетиндеги окуяга байланыштуу жогорку класстын окуучуларына лекция өтүштү
Бишкек: милиция Пермдеги окуядан соң окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Борбор калаанын Ленин райондук милициясынын кызматкерлери Россиянын Пермь университетиндеги окуяга байланыштуу жогорку класстын окуучуларына лекция өтүштү

Мындан тышкары, тартип сакчылары Кыргызстандын кодекстери боюнча, тактап айтканда, курал-жаракты мыйзамсыз сактоо жана жашы жете электердин кылмыш жана жорук жасагандыгы үчүн жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Милиция өспүрүмдөргө көчөдө да, билим берүү мекемелеринде да тартипти жана мыйзамды сактоо керектигин эскертишти.

Сабактар 20-сентябрда катталган Россиянын Пермь университетиндеги ок атуу окуясына байланыштуу өткөрүлдү. Эске салсак, 20-сентябрда эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 24ү жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0