Сейсмология институтун кызматкери. Архив

Жалал-Абадда жер силкинди

100
(жаңыланган 10:37 23.09.2021)
Жер титирөө Токтогул районунун бир катар айылдарында сезилген. Алдын ала берилген маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын  ӨКМден кабарлашты. 

Жер кечээ, 22-сентябрь күнү, саат 22:07де силкинген.

Анын күчү Токтогул районунун Көл жана Алмалуу айылдарында 3,5 баллга чейин, Ак-Тектир, Кырк-Казык, Кара-Күнгөй жана Чон-Арык айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Министрликтин алдын ала берилген маалыматына таянсак, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

100
Белгилер:
ӨКМ, жер титирөө, Жалал-Абад облусу
Тема боюнча
Жарака кетип, талкаланган үйлөр. Тажикстандагы жер титирөөдөн кийинки видео
Студенттер окуу учурунда. Архив

Кыргыз бийлиги тажикстандык студенттер үчүн чек араны ачты

0
Мындай чечим өлкөнүн айрым министрликтеринин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караган Чек ара кызматынын макулдугу менен кабыл алынган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргыз бийлиги өлкөнүн билим берүү уюмдарында окуп, иштеп жаткан Тажикстандын жарандарынын өлкө аймагына кирүүсүнө уруксат берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тажикстандыктардын билим берүү процессине катышуусуна уруксат берүү чечими Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Чек ара кызматына алдын ала берген сурамы боюнча кабыл алынган.

Буга чейин өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги Тажикстандын жогоруда айтылган жарандарынын эки өлкөнүн чек арасын кесип өтүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган буйрук долбоорун Кыргызстандын компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча мыйзам долбоорун киргизген. Анда КР мектептеринде окуган тажикстандык окуучулар, студенттер жана окутуучулар, ошондой эле этникалык кыргыздар тууралуу маселе камтылган.

0

Үйдөгү олимпиададан чегирткеге чейин. Стенин атындагы сынактан 14 мыкты сүрөт

7
Андрей Стенин атындагы фотожурналисттердин эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн сынактагы мыкты эмгектерди көрүңүз.

Быйылкы жылы калыстар тобу 70 өлкөдөн келген 4,5 миң сүрөттү сындан өткөрүштү. Фотожурналисттер пандемия шартындагы жашоону, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, АКШдагы массалык нааразылык акцияларын, Олимпиаданы, тарыхый чыр-чатактарды жана сүйүү темаларындагы сүрөттөрдү тартышкан.

Гран-прини жана байгелүү орундарга жетишкендердин тизмесин жарыялоо салтанаты сынакты уюштурган "Россия сегодня" медиа тобунун мультимедиалык пресс-борборунда онлайн режиминде өттү.

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев сүрөттөр бүгүнкү күндүн эң чынчыл, консервативдүү искусствосу болуп калганын белгиледи.

"Сүрөттү тартуу үчүн кадрга түшө турган каармандын жанында болуш керек. Бул согуш жүрүп жаткан чак же ар кандай чыр-чатактар учуру болушу мүмкүн. Биздин Андрей Стенин да дүйнөнүн дээрлик бардык кооптуу аймактарына жете алган", — деген Киселев.

Андрей Стенин атындагы сүрөт кабарчыларынын эл аралык сынагы 18 жаштан 33 жашка чейинки фоторепортёрлордун арасында жыл сайын өткөрүлөт. Бул жаш фотографтарды колдогон, алардын атын дүйнөгө тааныткан эл аралык аянтча.

"Россия сегодня" агенттигинин фотокорреспонденти Андрей Стенин 2014-жылдын 6-августунда Украинанын чыгышындагы согуштук окуяларды чагылдырууда каза болгон.

7
  • Стенин атындагы сынакта Индонезиядан келген фотограф Жошуа Ирвандинин (Joshua Irwandi) "COVID-19: адам баласынын куну" аталыштагы сүрөтү "Башкы жаңылыктар. Жалгыз эмгек" номинациясында биринчини алды

  • "Башкы кабарлар" номинациясындагы мыкты серия катары индиялык Чандан Ханнынын "Жарака" аттуу эмгеги болду. Анын фоторепортажында АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө карата уюштурулган нааразычылык акциясы чагылдырылган

  • Стениндин ысымындагы конкурстун "Спорт, жалгыз эмгек" категориясында жеңүүчү болгон сириялык фотограф Мунеб Таймдын "Урандыдагы паркур" аталышындагы сүрөтү

  • Россиялык фотограф Дарья Исаеванын "Үйдөгү олимпиада" аталышындагы эмгеги сынактын "Спорт, серия" категориясында жеңүүчү болду

  • Кытайлык фотограф Чан Сюянын "Жазга лыжа менен" аталыштагы сүрөтү Стениндин ысымындагы сынактын "Менин планетам, жалгыз эмгек" категориясында биринчини алды

  • Эл аралык сынактын "Менин планетам, сериялар" категориясында испаниялык Луис Татонун "Чыгыш Африканы чегиртке каптады" эмгеги мыкты деп табылды

  • Сергей Бобылевдун "Биздин замандын жүздөрү" эмгеги "Портрет. Биздин замандын каарманы. Жалгыз эмгек" номинациясын жеңди

  • Түркиялык Шебнем Кошкун "Суу астындагы жаңы коркунуч: COVID-19дун таштандылары" аталыштагы кадры менен сынактын баш байгесин алды

  • Калыстар тобу индиялык Шарафат Алинин "Кашмир: күмөндүү мурас" аталыштагы эмгегин "Портрет. Биздин замандын каарманы" номинациясында мыкты серия деп атады

  • Дагы бир баш байге "М+Т" аталышындагы кадрдын автору, россиялык Мария Гельманга ыйгарылды

  • Луис Антонио Рохастын "Мексиканы көзөмөлдөөнү жоготуу" "Башкы жаңылык, серия" номинациясында үчүнчүнү ээледи

  • Абдул Моминдин "Менин планетам, жалгыз эмгек" категориясындагы "Сууга түшөбүз" сүрөтүнө калыстар үчүнчү орунду ыйгарышты

  • Андрей Стенин ысымындагы сынактын "Менин планетам, жалгыз эмгек" категориясында калыстардын атайын баасына арзыган бангладештик Рафид Ясардын "Бактылуу фермер" аталыштагы сүрөтү

  • Мухаммед Амдад Хоссейн жана анын "Сулуу көздөр" эмгеги "Портрет. Биздин замандын каарманы, жалгыз эмгек" номинациясында алдыңкы үчтүккө кирди

Белгилер:
Андрей Стенин, сүрөт, жыйынтык, сыйлык
Тема боюнча
Стенин фотосынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды