КР президентинин администрация өкүлү: интернационализмге шарт түзөлү

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев
Президенттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
Кудайберген Базарбаев Бишкекте жакынкы чет өлкөлөрдөгү россиялыктар уюштурган аймактык жаштар конференциясына катышып, элди тилектештикке чакырды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президенттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев интернационализмге шарт түзүп берүүгө чакырды.

Ал Бишкекте акынкы чет өлкөлөрдөгү россиялыктар уюштурган аймактык жаштар конференциясында сөз сүйлөдү.

"Мындай иш-чаралар өтө пайдалуу. Башка улуттагы мекендештердин кызыкчылыгын коргоп гана тим болбой, аларга эч кандай тоскоолдук жаралбагыдай шарттарды түзүп берүүгө аракет кылалы. Башкысы, интернационализм, достук, тилектештикти күчөтүүгө жан үрөйлү", — деди Базарбаев.

Анын айтымында, дал ушул нерселер бизге чейинки муунга күч берип, алар бири-бирин дос жана бир туугандай кабыл алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0