Бишкектин айрым жерлеринде 24-сентябрда жарык өчөт. График

© AFP / PHILIPPE HUGUENЛампочка. Архив
Лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
Монтаж жасоочу бригадалар абоненттерди кайрадан туташтырып, трансформатордук көмөк чордондордун ишин жөнгө салмакчы.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкектин кээ бир райондору жума күнү, 24-сентябрда, жарыксыз калат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Электр энергиясы өчө турчу жерлер:

  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Дэн Сяопин проспектисинин, Серпухов, Корейская, Каракумская, Маликов, Алыбаев көчөлөрүнүн, Оттук кууш көчөсүнүн тилкелеринде, Арча-Бешик конушунда (Эр-Тайлак, Кара-Кужур, Ак-Түз, Камбар-Ата, Кең-Кол, Кең-Суу, Садыбакасов, Алты-Түтүн, Чортеков, Арча-Бешик көчөлөрүндө) жана "Бишкек" Эркин экономикалык аймагында;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Победа, Республикалык, Коммунаров, Рижская, Месароша, Кронштадцкая, Панфилов, Бакаев көчөлөрүнүн жана Чүй проспектисинин тилкесинде;
  • 9:30дан 12:00гө чейин — Дорожная, Элебесов көчөлөрүнүн жана Красноярск кууш көчөсүнүн тилкесинде;
  • 9:30дан 12:30га чейин — Кара-Жыгач конушунда (Достоевский, Кара-Жыгач, Исакеев көчөлөрүндө);
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Токтоналиев көчөсүндөгү № 80 үйдө;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Тоголок Молдо көчөсүндө Васильевден Щербаковго чейин;
  • 12:00дөн 14:00гө чейин — Фере, Орозбеков жана Мусоргский көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 14:00дөн 16:00гө чейин — Бельская, Наманган, Рабочая көчөлөрүнүн, Адыр жана Берлик кууш көчөлөрүнүн тилкелеринде.
Жаңылыктар түрмөгү
0