Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровКөчөдө бараткан адам. Архив
Көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
24-сентябрда күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жума күнү айрым жерлерде аба ырайы өзгөрүлүп турат, кээ бир өрөөндөрдө өткүн өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Ысык-Көл, Нарын, Талас өрөөндөрүндө +19…+24 болсо, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +26…+31 градуска чыгары айтылды.

Ал эми Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +29…+31 градус болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0