Министр Бейшеналиев COVID-19дун төртүнчү толкуну качан болорун айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Министр вирус мутация болуп, формасын улам өзгөртүп жаткандыктан кыргызстандыктарды санитардык алгоритмдерди так сактоого чакырды.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Ушул жылдын ноябрь айынын соңунда жана декабрь айында Кыргызстанда коронавирустун кайрадан күч алары күтүлүүдө. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, вирус мутация болуп, формасын улам өзгөртүп жаткандыктан санитардык алгоритмди сактоо керек.

"Окуу процесси башталды, жакында парламенттик шайлоо өтөт. Эл массалык түрдө чогулуп жатат. Андыктан ноябрь-декабрь айларында коронавирус көбөйөт деген прогноздор бар. Аны менен катар сасык тумоо дагы көбөйүшү мүмкүн. Бул учурда вирустук инфекциялардын күч алышы кадыресе көрүнүш", — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле ал элдин 70 пайызы эмдөөдөн өтүп бүтсө, вирусту ооздуктаса болорун айтты.

"Өкмөт менен министрлик төртүнчү толкунга даяр. 2-3 айга кеңири жете турган дары-дармек, коргонуучу каражаттар бар", — деди министр.

Эске салсак, учурда коронавирустун үчүнчү толкуну өтүп жатат. Акыркы күндөрү ооруну жуктургандардын саны азайып, күн сайын 100 кишиден төмөн болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0