Министр: өзүнө ишенип вакцина албаган жаштар карыларга оору жугузуп жүрөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги бет капчан киши
Бишкектеги бет капчан киши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Соңку маалыматтарга караганда, республика боюнча 792 082 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 588 822си препаратты толугу менен алды.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска кабылып жаткандардын 99,9 пайызы — вакцина албагандар. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

"Биздин изилдөөлөрүбүзгө ылайык, өлкөдө коронавирус жугуп ооруп жаткандардын 99,9 пайызы — вируска каршы вакцина албагандар. Ошондой эле бул оорудан каза болгондордун дээрлик бардыгы эмделбегендер экени аныкталууда", — деди Бейшеналиев.

Мындан тышкары, министр учурда эмдөө иштери жайыраак өтүп жатканын, буга жаштардын вакцина алууну каалабаганы себеп экенин кошумчалады.

"Бишкектеги жаштардын 200 миңден ашыгы эле региондордон келген студенттер. Алар вакцина алышкан эмес. Негизи жаштар өз организмине ишенип, ооруну оңой өткөрүп жиберебиз деген ойдо жүрүшөт. Мейли, алар жеңил формада оорусун, бирок вирусту алып жүрүүчү катары улгайып калган адамдарда жугузуп жатышпайбы. Маселе ошондо", — деди министр.

Соңку маалыматтарга караганда, республика боюнча 792 082 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 588 822си препаратты толугу менен сайдырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0