Уролог Хакимходжаев: импотенцияга чалдыккан эркектерге протез коюп жатабыз

© Фото / из личного архива Зуфара ХакимходжаеваЕвропалык урологдор ассоциациясынын мүчөсү, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Зуфар Хакимходжаев
Европалык урологдор ассоциациясынын мүчөсү, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Зуфар Хакимходжаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Акыркы кезде оорунун түрү жана ооругандардын саны да көбөйүп бара жатат. Анын ичинде эркектердин саламаттыгы да кейиштүү абалда экендигин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Европалык урологдор ассоциациясынын мүчөсү, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Зуфар Хакимходжаев менен маектешти.

— Жашы өткөн адамдар барган сайын заарасын кармай албай калат экен. Мунун себеби эмнеде?

— Түн ичинде бир нече жолу дааратканага баруунун өз себептери бар. Анткени жаш өткөн сайын адамдын табарсыгында да өзгөрүүлөр жүрөт. Эркектерде бул простата бездеринин чоңоюшунан улам простатитке айланып кетет. Ошондой эле ноктурияга (түнкүсүн заараны кармай албай калуу — ред.) өнөкөт жүрөк кемтиги, кант диабети жана табарсыктын гиперактивдүүлүгү да өбөлгө түзөт. Түндө эки жолу дааратканага бара баштаганда эле ойлоно башташ керек. Алты-жети жолу сыртка чыккандар да бар. Тилекке каршы, бейтаптар мындай көйгөй менен чыдап, дарыгерге кайрылбай жүрө беришет. Статистика боюнча табарсыгында көйгөйү барлардын 30 пайызы гана адиске кайрылууга даяр. Калган 70 пайызы уялат же олуттуу көйгөй деп эсептебейт. Ошондой эле айрымдар муну уйкусуздук, жатарда суюктукту көп ичип алганы менен байланыштырса, кээси жаш курагына шылтап жүрө беришет. Ноктуриядан пайда болгон көйгөйлөр жашоонун сапатына жана узактыгына түз таасир этет. Ошол себептен дайыма адистин кароосунан өтүп туруу керек. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге бейтаптардын түндө канча ирет заара ушатуусуна да көңүл бурушу керектигин эскертээр элем. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда эркектердин саламаттыгы жана алардын жашоо узактыгы кейиштүү абалда. Эркектер аялдардан 10-15 жылга аз жашайт. Анткени алар ден соолугуна көңүл кош карайт. Акыркы убакта көбөйүп жаткан ноктурияны толук дарылоого болот.

— Простатиттин да адамдын жашоосуна кесепети оор деп айтылат.

— Простата бездеринин сезгениши төшөк маселесинде да көйгөй жаратары анык. Көп бейтаптар так ушул жагынан сарсанаа болуп жатып абалды оорлотот. Анткени мында психологиялык маанай да маанилүү. Ошол себептен маанайды түшүрбөй ишенимдүү болуу керек. Себеби азыр мыкты дары-дармек көп. Медицина өнүгүүдө. Препараттар физиологиялык жактан жыныс органдарына жакшы натыйжа берип, психологиялык жактан адамдардын жакшы маанайда жүрүүсүн шарттайт. Айрым учурда оорудан улам дайыма стрессте жүргөндөр эркектик кубатты чыңдоочу дары иче берип организмди көндүрүп алат да, такыр эле жөндөмсүз болуп калат.

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗуфар Хакимходжаев: бул оору эркектерде простата безинин чоңоюшунан улам простатитке айланып кетет. Ошондой эле ноктурияга өнөкөт жүрөк кемтиги, кант диабети жана табарсыктын гиперактивдүүлүгү да өбөлгө түзөт
Уролог Хакимходжаев: импотенцияга чалдыккан эркектерге протез коюп жатабыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Зуфар Хакимходжаев: бул оору эркектерде простата безинин чоңоюшунан улам простатитке айланып кетет. Ошондой эле ноктурияга өнөкөт жүрөк кемтиги, кант диабети жана табарсыктын гиперактивдүүлүгү да өбөлгө түзөт

— Простатит да өз ара бөлүнсө керек?

— Ооба, эркектердеги простата безинин сезгенишинин бактериалдык жана абактериалдык формасы бар. Бактериалдык түрүн дарылоого болот, кенен тараган. Алгач анализ тапшырып, анан толук дарылоо курсунан өтсө эле жетиштүү. Ал эми простатиттин абактериалдык түрүнүн келип чыгуу себеби белгисиз болгондуктан дарылоо кыйыныраак. Мында анализдер "таза" чыга бергени менен оорунун белгилери толук сакталат. Бейтап эмне кыларын билбей эле дарыгерге каттап, пайдасыз дарыланууга көп каражатын жумшап коёт. Негизинен оорунун күчөшүнө алкоголь, суук аба ырайы, кыймылдын аздыгы, чалды-куйду жыныстык катнаш себеп болот.

— Ал эми бөйрөктө таштын пайда болуу себептерин санап берсеңиз?

— Ооруну дарылоодон мурун алдын алууга маани берүү керек. Ошол себептен врачтарга көрүнүп туруу абзел. Бөйрөк, табарсыктагы ташты болтурбоо үчүн гастритти жана калкан бездеринин сезгенишин убагында дарылоо керек. Анан да туура тамактануу зарыл. Ден соолугуна терс таасири тийбесе, күнүнө эки-үч литр суу ичүү сунушталат. Бул өзгөчө эшиктеги аба ырайы +40 градуска жеткенде актуалдуу. Тердеп жатып адам организмдеги суюктукту көп сарптайт да заарага суюктук аз бөлүнүп, организмде туз көбөйүп кетет. Адам сууну канчалык көп ичсе, ошончолук жакшы. Себеби ал заара чыгаруу жолдоруна кептелип калган майда бөлүкчөлөрдү сыртка чыгарып, таштын топтолушуна жол бербейт. Мындан сырткары, цистит, пиелонефрит өңдүү оорулардан сактайт. Ошондой эле организмге чогулган таштын жана туздун көлөмүнө карап диета кармоо сунушталат. Оксалаттык ташы (бөйрөктөгү таш — ред.) барлар кымыздык (щавель), шпинат, жаңгак өңдүү азыктардан баш тартышы керек. Майлуу эт азыктарын азыраак жеп, шоколадды жана буурчакты чеги менен жеген оң. Ошондой эле кофеге да чектөө бар. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө дарыканаларда бөйрөктөн туздарды жана таштарды эффективдүү алып салуучу, алардын кайра пайда болушуна тоскоол болгон көптөгөн жаңы чөптөн жасалган дарылар бар.

Медицина илимдеринин доктору, доцент, дерматовенеролог Мейкин Усубалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Адамды билинбей жайлаган жыныстык инфекциялар. Дерматовенерологдун маеги
— Тестостерон гормонунун эркектердин жашоо образына, социалдык активдүүлүгүнө тийгизген таасири тууралуу кеп кылсак...

— Тестостерон — эркектердин гормондорунун падышасы, физиологиялык, социалдык планда организмдин мотору. Тестостерону мыкты эркектер карьерада ийгилик жаратып, энергиялуу болушат. Ошондой эле жеке жашоосу да ойдогудай. Тестостерон суперматогенезге оң таасирин тийгизип, балалуу болуу жөндөмдүүлүгүн арттырат. Мындайча айтканда, бул гормондун жардамы менен эркектик касиеттер формалдашат. Ал булчуң ткандарын калыптандырып, организмдеги ашыкча майларды жоготот. Бул кан айланууну жакшыртып, гемоглобин менен эритроциттердин иштелип чыгышын шарттайт.

Аталган гормондун азайышы менен эркектердин сөөгү бара-бара назик тартып, бою, булчуңдары кичирейип кетет. Ошондой эле чачы түшүп, кан айлануусу начарлап, унутчаак болуп, жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдиги пайда болот. Ушул илдеттен улам өмүрү менен кош айтышкандар да аз эмес. Башкача айтканда, тестостерону төмөн эркектерди уролог гана эмес, кардиолог, эндокринолог, терапевт да карашы зарыл. Эгер эркек кишинин ашыкча салмагы болсо, тестостеронун сөзсүз текшерүү сунушталат.

© Фото / из личного архива Зуфара ХакимходжаеваЗуфар Хакимходжаев: негизинен оорунун күчөшүнө алкоголь, суук аба ырайы, кыймылдын аздыгы, чалды-куйду жыныстык катнаш себеп болот
Уролог Хакимходжаев: импотенцияга чалдыккан эркектерге протез коюп жатабыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Зуфар Хакимходжаев: негизинен оорунун күчөшүнө алкоголь, суук аба ырайы, кыймылдын аздыгы, чалды-куйду жыныстык катнаш себеп болот

— Дарылоо жагы кандай жүрөт, өзүнчө витаминдерди сатып алып ичсе болобу?

— Айрым эркектер өз алдынча таблеткаларды алып ичип жүрөт. Бул туура эмес. Дарылоону бир гана дарыгердин көзөмөлү астында жүргүзүү керек. Жаш бодибилддер булчуң тарамыштарын тез чоңойтуу үчүн тестостерондун инъекциясын өздөрү билип сайдырып алат. Бирок мындай өзүм билемдик тукумсуздукка, импотенцияга жана гинекомастияга (аялдыкындай төшү чоңоюу — З. Хакимходжаев) алып келет. Себеби тестостерон сайылганда урук безиндеги гормондор иштелип чыга баштайт.

Бүгүнкү күндө тестостерондун дарысы боюнча талаш-тартыштар абдан көп. Бул укол мурда улгайган эркектерде простата безинин рагына чалдыгуу коркунучун жогорулатат деп келишкен. Негизи изилдөөлөр көрсөткөндөй, простата безинин рагы бар бейтаптарга тестостерон жазылбашы керек. Ал эми калгандары үчүн гормоналдык коррекция жана терапия жашоонун сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү болуп калышы толук ыктымал.

Бишкек шаардык №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Үмүт Саипова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Дарыгер Үмүт Саипова: гепатиттин жаңы F жана G түрү аныкталууда
— Медицинанын өнүккөнүнө карабай кесиптештериңиз импотенция да жашарып баратканын айтып коңгуроо кагышууда...

— Мурда 50 жаш орто куракка кирсе, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азыр жаш курак катары саналарын жарыялады. Ооба, толуп-ташып турган курактагы жигиттер да импотенцияга чалдыгууда. Мунун себептери көп. Негизинен элүү жаштан кийин эркектердин көбү бул көйгөй менен кагылышат. Ал эми 60 жаштан кийин эркектердин 60 пайызы импотенция менен жабыркайт. Азыр өзгөчө 45 жаштан өткөн эркектердин арасында импотенция өсүп жатканы байкалат. Алардын он пайызы гана дарыгерге кайрылат. Калгандары уялат, намыстанат же ар кандай дарыларга ишенип, өзүнчө эле дарыланып баштайт. Ошентип көйгөйдү андан да тереңдетип алышат.

Кыргызстанда тукумсуздукка, импотенцияга кабылган эркектердин үч-төрт пайызы гана дарыгерге келет. Натыйжада көп үй-бүлөлөр ажырашып кетүүдө. Бул темага өтө кылдат мамиле жасоо абзел. Мындай дартка чалдыккан эркектин психикасы бузулуп, өзүнө болгон ишеними жоголот. Оорунун бардык себептери органикалык жана психогендик болуп эки топко бириктирилиши мүмкүн. Негизи жүрөк ооруларынын дарылары жана кант диабети да эркектик кубатка терс таасирин тийгизет.

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗуфар Хакимходжаев: тестостерону төмөн эркектерди уролог гана эмес, кардиолог, эндокринолог, терапевт да карашы зарыл. Эгер эркек кишинин ашыкча салмагы болсо, тестостеронун сөзсүз текшерүү сунушталат
Уролог Хакимходжаев: импотенцияга чалдыккан эркектерге протез коюп жатабыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Зуфар Хакимходжаев: тестостерону төмөн эркектерди уролог гана эмес, кардиолог, эндокринолог, терапевт да карашы зарыл. Эгер эркек кишинин ашыкча салмагы болсо, тестостеронун сөзсүз текшерүү сунушталат

— Импотенцияны дарылоо үчүн азыр атайын имплант (протез) салуу ыкмасы колдонулуп жаткандыгы белгилүү. Натыйжасы кандай, ден соолукка зыяны жокпу?

— Эч кандай зыяны жок. Эң негизгиси потенциянын бузулары менен дароо эле уролог-андрологго кайрылуу керек. Эркектердин ден соолугун ордуна келтирүүнүн эки жолу бар. Биринчисинде дары-дармек, гель, мазь колдонуу. Экинчиси эркектердин жыныс органдарындагы кан айланууну калыбына келтирүүчү физиотерапиялык аппараттарды колдонуу. Туура дарылоо көпчүлүк учурда жакшы натыйжа берип, эркек толук кандуу жашоого кайтат.

Кээде препараттар жардам бербей калганда операция жасалат. Мында бейтаптын мүчөсүнө протез коюлат (фаллопротез — ред.). Бул операция техникалык жактан оор эмес, бир саатка созулат. Эркектикти калыбына келтирүүчү бул технология учурда жашоодон үмүтү үзүлгөн бир катар бейтаптарга жардам берүүдө. Акыркы кезде кайрылгандардын саны да арбып бара жатат. Фаллопротезде жаш курак маанилүү эмес. Сексуалдык функция 90 пайыз ордуна келет, протез экени дээрлик сезилбейт. Кээде гана кант диабети барларда ириңдеп кеткен учурлар болбосо, протез өмүр бою жарайт. Бизге балалуу болууну каалаган 60 жаштагы мырзалар да келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0