Мамлекеттик кызматкер. Архив

Быйыл 7 эле адам кадрлар резерви аркылуу мамлекеттик кызматка дайындалды

122
(жаңыланган 18:04 24.09.2021)
Учурда улуттук кадрлар резервине 375 талапкер киргизилген, анын ичинен 217си жогорку кызматка көрсөтүлгөн. Ал эми регионалдык резервде 321 адам бар.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга дайындалгандардын 10 пайызы гана кадрлар резервинен алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын уюштуруу иштери, аналитикалык талдоо жана карьералык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Кымбат Уланбек кызы билдирди.

Анын айтымында, учурда Улуттук кадрлар резервине 375 талапкер киргизилген, анын ичинен 217си жогорку кызматтарга көрсөтүлгөн. Ал эми регионалдык резервде 321 адам бар.

Главный специалист организационной, аналитической работы и карьерного планирования и секретарь по кадровым резервам Государственной кадровой службы Кымбат Уланбек кызы
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Мамлекеттик кадр кызматынын уюштуруу иштери, аналитикалык талдоо жана карьералык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Кымбат Уланбек кызы
"Кадрлар резервинде талапкерлиги үч жыл сакталат, кызматка дайындалса чыгарабыз. Бизде эң жогорку кызмат орду статс-катчы, бул жылы билим берүү жана илим министринин орун басары Улуттук кадрлар резервинен дайындалды. Жалпысынан жети кызматкер резерв аркылуу кызматка барды. Бул жалпы кызматка дайындалгандардын 10 пайызын түзөт. Биз вакансия бошосо резервдеги кадрларга кабарлайбыз, кааласа келишет. Эгер эч ким чыкпаса ачык конкурс аркылуу дайындалат", — деди Уланбек кызы.

Кадрлардын резервине кириш үчүн Мамлекеттик кадр кызматына документтерди тапшырып, тесттен өтүшү керек. Талапкер суроолордун 70 пайызынын көбүнө туура жооп берсе аңгемелешүүгө чакырылат.

Белгилей кетсек, Улуттук кадрлар резерви аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык (президенттик администрациядан айыл өкмөттөргө чейин) кызматтарга дайындалат.

Регионалдык кадрлар резерви аркылуу район акимдери жана орун басарлары кызматка барат.

122
Белгилер:
кадрлар, резерв, дайындоо, Мамлекеттик кадр кызматы
Тема боюнча
Калкты тейлеген бирдиктүү "Кызмат" ишканасын түзүү сунушталды
Өмүрзаков: эми айыл өкмөт, мэрлер муниципалдык резервден тандалат
Кыз электрондук тамеки менен. Архив

Электрондук тамеки менен кальяндын салыгы 10 эсе жогорулайт. Жаңы кодекс

20
Салыктык ставкалар кадимки тамеки менен теңделип, натыйжада жылына бюджетке кошумча 50 миллион сом түшөрү болжолдонууда.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кальян, электрондук тамеки, вейп сыяктуу тамекини алмаштыруучу каражаттардын акциздик салыгы 10 эсеге жогорулайт. Бул туурасында жаңы Салык кодексинин долбоорунда жазылган.

Ага ылайык, 1 000 даанасына 2 250 сомго чейин (ысытылуучу тамеки таякчалар, ысытылуучу тамеки капсулалары жана башка) акциз салыгын көбөйтүү, башкача айтканда, кадимки тамекинин салыгы менен теңдөө каралууда.

"Азыркы учурда тамекини алмаштыруучулар кеңири колдонулууда, салык салуу шарттарын теңдөө үчүн аталган категориядагылардын акциз салыгынын ставкасын жогорулатуу боюнча чечим кабыл алынды. Бир даана ысытылуучу тамекиге болгон акциз салыгы кадимки чылымдын акциз салыгынан 10 эсеге аз. Салыкты көтөрүүнүн натыйжасында жылына бюджетке кошумча 50 миллион сом түшөрү болжолдонууда", — деп жазылган долбоордо.

Ошондой эле мындай норманы киргизүүгө жакында коомдук жайлар менен мекемелерде чылымдын бардык түрүн чегүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынганы да түрткү болгон.

20
Белгилер:
кальян, салык кодекси, электрондук тамеки
Тема боюнча
Жапаров бюджетти 400 млрд. сомго чыгаруу үчүн каяктан акча табарын айтты. Видео
Instagram да, блогер да салык төлөйт. Жаңы кодекске кошулган берене
Көмүр саткан жайларга рейд жүргүзүлүүдө

Чүйдө көмүр саткан жайларга рейд жүргүзүлүүдө. Сүрөт

40
(жаңыланган 16:57 28.10.2021)
Текшерүүгө Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен Экономика жана коммерция министрлигинен тышкары бир катар мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери чыкты.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкектин төмөнкү жагындагы айланма жолдогу жана Сокулук районундагы көмүр саткан жайларда рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Рейды по урегулированию цен на уголь на топливных базах и стационарных точках объездной дороги Бишкека и в Сокулукском районе. 28 октября 2021 года
© Фото / пресс-служба ГААР при ПКР
Бишкектин төмөнкү жагындагы айланма жолдогу жана Сокулук районундагы көмүр саткан жайларда рейд жүргүзүлүүдө

Текшерүүгө аталган агенттиктен, Экономика жана коммерция министрлигинен тышкары бир катар мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери чыкты.

"Сатуучуларга көмүрдүн баасы көтөрүлбөшү керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Сатуучулар мыйзамды бузуу менен мындан ары дагы бааны жогорулатса жоопко тартылары боюнча эскертүү берилди.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон.

Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

40
Белгилер:
Чүй облусу, Бишкек, көмүр, баа, рейд
Тема боюнча
Бийлик Бишкек менен аймактарда көмүрдүн баасын бекитти. Канчадан ашпаш керек?