Шам. Архивдик сүрөт

Эртең Бишкектин кээ бир жеринде жарык өчөт. График

58
(жаңыланган 17:38 25.09.2021)
Жаңы конуштардын биринде трансформатордук көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу 10 саат электр энергиясы болбойт.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Эртең, 26-сентябрда, Бишкектин Бакай-Ата конушунда электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Электр кубаты аймактагы Ак-Сай, Арашан, Анар жана Кошой көчөлөрүндө да өчөт. Свет эртең мененки саат 09:00дөн кечки 19:00гө чейин берилбейт.

Бул маалда энергетиктер тобу конуштардын биринде трансформатордук көмөк чордондорду оңдойт.

58
Белгилер:
электр энергиясы, өчүрүү, Бишкек, 'Түндүк Электр' ишканасы, оңдоо
Тема боюнча
Айдоочулардын эсине! 26-сентябрда Бишкектин көчөлөрү жабылат. Тизме
Жолдогу автоунаалар. Архив

Айып пул төлөбөгөн айдоочуларга жаңы жаза сунушталууда

33
(жаңыланган 14:59 27.10.2021)
2019-жылга чейин айдоочу эреже бузган учурда айдоочулук күбөлүгү алынып, убактылуу күбөлүк берилчү. Бирок 30 күн ичинде өзүнүкүн алуу үчүн айып пулду төлөп берүүгө аргасыз болчу.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. ИИМдин алдындагы Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөө шарттарын аткарбаган айдоочулардын автоунаасын айып короого камоо боюнча Бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи. Бул тууралуу ЖКККББнын начальнигинин орун басары Манас Сыдыгалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин борборундагы брифингде айтты.

Маалыматка караганда, буга чейин айып пулду натыйжалуу төлөтүп алуу механизми гана иштечү.

"2019-жылга чейин айдоочу эреже бузган учурда айдоочулук күбөлүгү алынып, убактылуу күбөлүк берилчү. Бирок 30 күн ичинде өзүнүкүн алуу үчүн айып пулду төлөп берүүгө аргасыз эле", — деди Сыдыгалиев.

Бирок андан кийин Бузуулар тууралуу жаңы кодекске ылайык, бул практика токтотулган.

"Азыр айдоочу эреже бузса, биз протокол түзүп, колуна беребиз. Айрымдары ошол жерден эле протоколду таштап койгон учурлар болот. Демек, айып төлөтүп алуу ыкмаларыбыз майнапсыз. Андыктан биз карызы бар айдоочунун автоунаасын айып короого киргизүүнү сунуштап жатабыз", — деди орун басар.

Жаңы демилгеге ылайык, айдоочу айып пулду төлөгөндөн кийин гана машинасын чыгарып кете алат.

33
Белгилер:
автоунаа, айдоочу, айып пул, өзгөртүүлөр, сунуш, мыйзам, кодекс
Тема боюнча
Кененбаева: "Коопсуз шаар" алкагында жол кырсыктары 20%га азайды
"Коопсуз шаардын" айып пулдары кайда кетет. Министрлик түшүндүрмө берди
Суши. Архив

Бишкектеги массалык уулануу. Жабыркагандардын саны 253кө жетти

65
(жаңыланган 13:42 27.10.2021)
Уулангандар массалык түрдө ооруканага кайрылып жатканы тууралуу өткөн дем алышта белгилүү болгон. Ошондон бери жабыркагандардын саны улам өсүп жатат.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Тамактан ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 253кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ооруканага Бишкектин гана эмес, Чүй облусунун тургундары дагы кайрылууда. Кечээ күнү уулангандардын саны 179 болчу.

Уулангандардын 60ы ооруканада дарыланууда:

  • Темир жол ооруканасында — 19;
  • № 3 шаардык клиникалык балдар ооруканасында — 18;
  • Улуттук госпиталда — 23.

Баарынын абалы канааттандырарлык. Калганы медициналык жардам алган соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Эске салсак, 24-октябрда тамакка ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган. Санэпидкөзөмөл уулангандар Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин төрт филиалынан ролл жегенин кабарлаган. 25-октябрь күнү уулангандардын саны 85ке жеткен. Ал эми кечээ, 26-октябрда, жабыркагандардын саны 179га өскөн. Алардын 18и балдар.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрдан тарта ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны боюнча маалыматтарды берип жатат. Бирок пресс-релизде жабыркагандар кайсы жерден жана кандайча ууланганы так көрсөтүлгөн эмес. Болгону "Бишкектеги массалык уулануу" деп жазылган.

Бул окуяга байланыштуу "Империя пиццы" кафесинин бардык филиалдары убактылуу жабылды. Муну менен катар Кыргызстанда тамак-аш саткан объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды.

Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы суммасы 30,5 миң сомдук беш протокол түзүлдү.

65
Белгилер:
Бишкек, Чүй облусу, уулануу, кафе, протокол, мораторий, ролл
Тема:
Бишкектин кафесиндеги массалык уулануу
Тема боюнча
Жалал-Абаддагы тойдо 124 киши этке ууланып, 16сы ооруканага түштү