Марафондун катышуучулары. Архив

5 миң киши чуркаган марафондон түшкөн каражат кайда жумшалат. Видео

77
Toyboss Snow Leopard Run — 2021 жарым марафонунун уюштуруучулары андан түшкөн акчага егерлерге автоунаа сатып баерүүнү пландап жатышат.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте ак илбирсти сактоого багытталган эл аралык Toyboss Snow Leopard Run — 2021 жарым марафону өттү.

Иш-чарага 5 миңден ашык киши катышты. Катышууга төлөнгөн каражат илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) которулат. Былтыркы марафондогу каражатка ар бири 500 доллардан турган 35 фотокапкан сатып алынган. Быйыл уюштуруучулар уюмдун жетекчилери жана токойчулар үчүн эки "Нива" автоунаасын алып берүүнү көздөп жатат. Анткени аларга тоолуу аймактарда жөө жүрүү кыйынчылык жаратууда.

Жарыш "Ала-Тоо" аянтынан башталып, жөө күлүктөр калаанын негизги көчөлөрүн айланып 5, 14 жана 21.1 чакырым аралыкка чуркашты. Ошондой эле 3төн 10 жашка чейинки балдар да катышты. 10 жаштан жогорку балдар 1 чакырымга, 14 жаштан өткөндөр 5 чакырымга чуркады.

77
Белгилер:
Бишкек, марафон, каражат, жардам, ак илбирс
Тема боюнча
Ошто COVID баштаган ооруларды алдын алууга арналган марафон өттү. Сүрөттөр
Аял кол чатыр менен кар жаган учурда. Архив

Жума күнгө карата аба ырайы

6
22-октябрда аба ырайы кескин өзгөрүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаап, жолдорго муз тоңот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +1…+6, Таласта 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +4…+9, Нарын өрөөнүндө 0…+5 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +2…+4, Ош шаарында +6…+8 градусту көрсөтөт.

6
Белгилер:
аба ырайы, октябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Ноябрь айында аба ырайы кандай болот. Синоптиктердин божомолу
Лампочка. Архив

Жума күнү Бишкектин 39 көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Тизме

41
Электриктер тобу турак үйлөрдөгү жабдууларды оңдоо менен алектенишет. Мындан тышкары, трансформатордук көмөк чордондордун ишин карашат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жума күнү, 22-октябрда, Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Электриктер тобу турак үйлөрдөгү жабдууларды оңдоо менен алектенишет. Мындан тышкары, трансформатордук көмөк чордондордун ишин карашат.

Жарык кайсы аймактарда өчүрүлөт:

  • 9:00дөн 16:00гө чейин — Жал 23 кичи району, Чоң-Арык айылы (Северная, 50 лет победы, Шушенский көчөлөрү) Подольская көчөсүнүн бир бөлүгү;
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Ак-Босого (Чүй 20, Чүй 21, Чүй 41ден Чүй 47ге чейин), Арча-Бешик (Эр-Тайлак, Сулуу-Төр, Сары-Булуң көчөлөрү), Көлмө (Республика, Максат, Мыскал, Кулуев, Ак-Жол көчөлөрү), Ак-Өргө (Гагарин, Каркыра, Кара-Булак көчөлөрү) конуштары. Андан тышкары, Жеңиш көчөсүнүн, Беломорский тар көчөсүнүн айрым жерлеринде, Бейшеналиева көчөсүндөгү №6 үйдө болбойт;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Рухий Мурас конушу (6, 5 жана Горький көчөлөрү), 3-кичи райондогу №16 үй;
  • 9:30дан 19:00гө чейин — Көк-Жар конушу (Шоокум көчөсү, 13а тилкеси), Айтматов, Огонбаев жана Таллин көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү;
  • 9:40тан 14:00гө чейин — Алтын Ордо конушунун нөлүнчү жана экинчи көчөлөрү;
  • 14:00дөн 19:00гө чейин — Алтын Ордо конушу (1, 2 жана Горький көчөлөрү).
41
Белгилер:
Бишкек, электр жарыгы
Тема боюнча
Бишкектин бир районунда 4 күнгө газ өчөт. Себеби