Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев. Архив

Мар Байжиев: атамды алып кеткен КГБ аскерин кийин тааныдым, чогуу иштедик

4683
(жаңыланган 14:33 27.09.2021)
"Тарыхты тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен тосуп алат" деген кеп бар. Биз улуу муундардын, ата-бабанын тарыхынын ак-карасын билип алганыбыз оң.

Элибиздин тарыхында өз орду бар инсандардын бири, окумуштуу Ташым Байжиев бүт өмүрүн агартуучулукка, илимге арнаган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" рубрикасында конокто жазуучу, окумуштуу жана манас таануучу Ташым Байжиевдин уулу, Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев болду.

— Маектин башында Ташым Байжиевдин балалыгына кайрылсак. Кайда кандай өткөн?

— Ташым Байжиев менен Зияш Бектенов Көлдүн башынан болот. Булар ошол заманда эле окуп, анан Караколдогу орус-тузем мектебинен билим алган. Экөө тең бийдин балдары болуптур. Атамдын атасы Байажы 1911-жылдан 1913-жылга чейин Көл башында бий болгон. Ал кезде бийди үч жылдык мөөнөткө шайлаган экен. Андан кийин Зияш абанын атасы Бектенди бий кылышат. 1916-жылы анын мөөнөтү бүтөт. Анан бийлерди орус губернатору чакырып алып "аксакалдар, силердин башыңарга иш түшүп, бугу менен сарыбагыш кырылышып жатканда биз сактап калдык эле. Эми силер бизге жардам бергиле. Балдарыңарды аскер катары албайбыз. Ал үчүн аларга мылтык атканды үйрөтүү керек. Болгону 19 жаштан 39 жашка чейинки жигиттериңерди эмгек армиясына алалы. Аттарды багышып, аны-муну кылып жардам беришсин" десе биздикилер макул болуп тарашат. Бирок кийин эл арасында каршы чыккандар болуп, ызы-чуулар башталган. Көрсө, түрктөрдөн келген беш чалгынчы элди бузган экен, натыйжада орустар кыргыздарга каршы чыккан. Ошондон анан байкуш кыргыздар Кытайга качууга мажбур болбодубу.

2017-жылы Байажы бий экенин эч кимге айтпай, неберелерин жетелеп алып Кытайдан жөө келген экен. Үч уулу менен бир келини кытай жеринде каза болуп калат. Ташым атам ошондо жети жашар бала экен. Кийин Касымалы Баялинов Көл башына "идиректүү балдар-кыздарды таап кел" деген атайын тапшырма менен барып, атамды, Зияш Бектеновду жана Кусеин Карасаевдин жубайы Айша Түмөнбаеваны алып келет. Аларды дароо эле мектепке киргизип, ошол жерден балдардын таланты ачылат. Касым Тыныстанов атам менен Зияш абанын дээринде бар экенин байкап калып "балдар, мындай китеп чыгаралы, мен силерге жардам берем" деп биринчи жолу тил боюнча окуу китептерин чыгарышкан. 1936-жылы пединститут ачылып, атамдарды Касым Тыныстанов досу Евгений Поливанов экөө окутат.

 Кыргызский писатель, просветитель, литературовед, критик, драматург, ученый Ташым Байжиев
© Фото / из архива семьи Байжиевых
Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев атасы, жазуучу, окумуштуу жана манас таануучу Ташым Байжиевди эскерди

— Эми жогоруда Айша Карасаева (Түмөнбаева) тууралуу айтып кеттиңиз. Ыңгайсыз болсо дагы атаңыз экөөнүн сүйүү таржымалы тууралуу сурасак, анан кантип Мариям апага үйлөнүп калган?

— Пединститутта жалаң эркек балдар окучу экен. 3-курстан кийин гана эки кызды алышат. Бирөө Осмонкул Аалиевдин жубайы, ал кишини да кийин көрүп калдым. Экинчиси Айша апам. Ал абдан татынакай кыз болуптур. Алгач атам экөө бири-бирин жактырып кыз-жигит болуп жүрөт. Экөөнүн түшкөн сүрөттөрү да бар. Кийин Кусеин Карасаев институтка мугалим болуп келет. Атамдын мага айтып бергени боюнча, бир жолу Айша апам атамды "жүрчү, сөз бар эле" деп ээрчитип барып пиво алып берет. "Айтчы, эмне болду?" десе, "ичип ал, анан айтам"  дептир. Ошентип "Ташыбай, эми сен жакшынакай жигитсиң. Экөөбүздүн да жашыбыз тең, үйлөнсөк чогуу карып калабыз. Сен өзүңдөн кичүү кызга үйлөн. Мен да турмушка чыкканы жатам" дейт. Атам муну алчу неме курсташтарынан экен деп ойлоп, 20 жаштагы каны кайнап турган жаш жигит "ким ал?" деп ачууланып, Айша апабыздан Кусеин Карасаев экенин угуп унчукпай калат. Ал убакта агайды, улууну сыйлап, сүйүүгө башкача мамиле жасашчу да. Кийин Зияш абам ошондо атамдын "Айшадан айрылып калдым" деп ыйлап келгенин айтып берген. Атам анан Мариям апама жолугуп, жакшы көрүп калып үйлөнгөн. Таенебиз татар, таятабыз нарындык саяктардан болгон экен. Биз эки эркек, эки кыз — төрт бир тууганбыз. Кусеин абам үч кыздуу болду. Бул кишилер кийин үй-бүлөлүк катышта да жүрүштү. Атам дайыма "ай, Айша, ырас эле сага үйлөнбөптүрмүн. Жүдөтүп кыз төрөй бермек экенсиң" деп тамашалап күлүп калышчу. Кийин атам каза болуп калганда да Кусеин абам мени дайыма чакырып, атадай кам көрүп жүрдү.

 Кыргызский писатель, просветитель, литературовед, критик, драматург, ученый Ташым Байжиев с родными
© Фото / из архива семьи Байжиевых
Мар Байжиев: Ташым Байжиев менен Зияш Бектенов Көлдүн башынан болот. Булар ошол заманда эле окуп, анан Караколдогу орус-тузем мектебинен билим алган. Экөө тең бийдин балдары болуптур.

— Дагы кандай өнөрлөрү бар эле? 

— Булар менен Мукай Элебаев, Абдылас Малдыбаев да окуп калды. Мукай Элебаев атамдардан эки-үч жаш улуу болчу. Ал интермедия жазып, аны сахналаштырып койчу экен. Кыздар жок. Кыздардын ролун үнү бийик, тенор болгондуктан Абдылас Малдыбаев аткарыптыр. Атамдыкы да тенор болчу, ал келиндерди, ал эми Мукай Элебаев өзү кемпирлердин ролун ойночу экен.

Кийин театрда кайсы драма коюлбасын, Жусуп Турусбеков, Мукай Элебаев, Абдылас Малдыбаев жана башкалар спектакль бүткөн соң биздикине көп келишчү эле. Ал кезде Абдылас абам СССРдин эл артистин алып калган. Атамдын үнү аябай жакшы болчу. Бир жолу атам ырдап жатса эле Жусуп Турусбеков: "Ой, кудай урган Ташым, китеп жазып эмне кыласың? Сен артист турбайсыңбы, үнүң бар экен", — деди. Анда атам: "Мен атайын артист болгон жокмун. Мен ырдап кетсем бул Абдылас наам албай калмак", — деп тамашалап, ага баары күлүштү. Малдыбаев да башын ийкеп "рахмат сага" деп күлгөнү эсимде. "Ажал ордуна" спектаклине калбай барышчу. Ал кезде согуш баштала элек. Мен төрт жашар баламын. Ашыраалы абам (Боталиев — ред.) мени жакшы көрчү. Үнү жоон, болбураган, балага жакын киши эле. Көрсө, бала көрбөптүр да. Мен да ал кишиге жакын болчумун. Бир жолу эле ал мени жетелеп, баарыбыз чогуу "Ажал ордуна" драмасына бардык. Ал киши Искендерди ойночу. Залда көрүп отурсам, Ашыраалы абанын мойнуна жыгачты илип коюптур. Мен бакырып ыйлап, сахнага чуркасам "кокуй, бул оюн" деп алып калышкан (күлүп).

Народный писатель Кыргызстана, сценарист, драматург Мар Байжиев на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мар Байжиев: Касымалы Баялинов Көл башына "идиректүү балдар-кыздарды таап кел" деген атайын тапшырма менен барып, атамды, Зияш Бектеновду жана Кусеин Карасаевдин жубайы Айша Түмөнбаеваны алып келет. Аларды дароо эле мектепке киргизип, ошол жерден балдардын таланты ачылат.

— Ташым атабыздын тагдыры, илимдеги жолу да оор болуп калды. Зияш Бектенов экөө тууралуу да китеп жазып жаткан экенсиз...

— Бул бир кызык нерсе да. Мен чындыгында кандай болгондугу тууралуу түпкүрүнө чейин изилдеп көрдүм. Ачыгын айтайын, ошол кезде бир топ илимий кызматкерлерге каршы чыгуулар болгон. Кусеин Карасаевди 1949-жылы партиядан чыгарып салат. Жапар Шүкүров Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалында директордун орун басары болчу. Ал киши өлкөдө тил боюнча биринчи илимдин кандидаты эле. Аны да иштен алышат. Тазабек Саманчин да Молдо Кылыч боюнча диссертация жазган, ал да жумушунан айдалат. Зияш Бектеновду болсо камап салган. КГБ түзгөн комиссиянын ошол мүчөлөрүн карасам, кийин өздөрү Улуттук илимдер академиясынын жетекчиси, гезиттин башкы редактору болуп алышыптыр. Көрсө, Исхак Раззаков "Улуттук илимдер академиясын ачып, мурда сабатсыз кыргыз элинин жетишкендигин көрсөтүшүбүз керек" деген демилге көтөрүптүр. Аны ачуу үчүн өлкөдө жок дегенде бир-эки илимдин доктору болушу керек экен. Анан буларды илимдин доктору болуп, кызмат ээлеп калбасын деп Раззаковго атайын жамандашыптыр. Исхак Раззаковдун баласы менен бир класста чогуу окуп, бирге футбол ойночубуз. Анан атамды "ушинтти" деп ичимден таарынып жүрчүмүн, бирок кийин билсем, куйтулар Раззаковдун да башын айланткан экен. Атамдар "манаптын балдары" деп да куугунтукталган. Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов баш болуп баары эле манаптын балдары экен да. Болбосо орусчаны кайдан билет, убагында кантип билим алышмак эле.

Касым Тыныстанов синтаксис, кыргыз тилинин грамматикасы боюнча китеп жазган. Аны атууга кетиргенде китебин кошо жок кылбай, башкалар өздөрүнүн фамилиясын коюп чыгарып алышкан. Ташым Байжиевдердин китептерин деле расмий түрдө "өрттөдүк" деген менен кийин башкалар автор болуп, жарык көргөн. Негизинен бул кишилердин атын чыгарбоо максаты болуптур.

1938-жылы 1-августта Касым Тыныстанов камалып кетет, негизи партиядагы кишини камаганга болбойт да. Ошол себептен Эл комиссарлар совети 3-августта шашылыш жыйын өткөрүп Тыныстановду партиядан чыгарган (көп өтпөй 8-августта ошол комиссияны түзүп, Тыныстановду партиядан чыгаргандар өздөрү камалып, кээ бирөөлөрү кийин атылып да кетти — М.Байжиев). Анан "Касым Тыныстанов жалгыз болгон эмес, мунун шакирттери да бар. Зияш Бектенов менен Ташым Байжиевди да камаш керек" деп куугунтукка алышат. Атамдар качып жүрүп, 1938-жылы Николай Ежов өзүн атып салгандан кийин аман калышкан. Бирок 1949-жылы "Манас" эпосу еврейлер тарабынан орусчага атайын бурмаланып которулат. Котормонун аягы "Манас баатыр чоң казатта Кытайды басып алып, баарын мусулман кылган" деп аяктаган. Тескерисинче, "Чоң казатта" кыргыздын көбү кырылып, Манас баатыр кансырап араң элине келип жатпайбы. Ал котормо китеп болуп чыгат. Балакеттин баары ушундан башталган (ошол убакта Мао Сцзедун менен Сталин дос болчу — М.Байжиев).

 Кыргызский писатель, просветитель, литературовед, критик, драматург, ученый Ташым Байжиев с супругой и современниками
© Фото / из архива семьи Байжиевых
Мар Байжиев: Биздин үйүбүз азыркы Кыргыз драма театры болсо, КГБнын имараты Тарых музейинин ордунда болчу. Ошондо артынан ээрчий карап турсак, атамды КГБнын короосуна алып кирип кетишкен. Ошол бойдон көргөн жокмун.

Ал убакта атам Илимдер академиясынын "Манас" бөлүмүнүн башчысы экен. Бектенов Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевди бириктирип китеп чыгарат. Ага чейин "Манастын" котормосун Исхак Раззаков Сталиндик сыйлыкка көрсөтөт. Анан ызы-чуу башталганда "окумуштуулар жазган" деп четке чыга беришип, атамдар камалып кеткен. Атам эки жылдан кийин түрмөдө каза болуп, Зияш абам беш жыл түрмөдө жатып, 1955-жылы Сталин өлгөндөн кийин келди.

Ошол эле жылы кайрадан комиссия түзүлүп дагы камала турган болгондо, кудай жалгап реабилитациялоо тууралуу кагаз келип калып, толук акталган. Көрсө, тиги чагымчылар акт түзүп, кайра каматмак экен.

1960-жылдары Раззаков кол алдындагыларга Тыныстановдун чыгармаларын басмадан чыгарууну буйруган. Кайра 1961-жылы ал чечимди жокко чыгартышты. Анан Тыныстановдун туугандарынын баарын иштен алып киришти. Мен бул кандайча болгондугун изилдеп көрдүм. Анан эле Борбордук комитетке Абсамат Масалиев келип, Чыңгыз Айтматовду катчы кылып шайладык. Жыйындардын биринде чыгып: "Абсамат Масалиевич, Молдо Кылыч, Касым Тыныстанов эмгиче эл душманы болуп жүрөт. Бул кандайча? Алардын реабилитациясы бар", – десем Масалиев ага башкача маалымат жеткирилгенин айтты (ким экенин айтпай эле коёюн – М. Байжиев). Көрсө, "Тыныстанов кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган, бирок саясий жактан акталган эмес" деп алдашкан экен. Ошол жерден чыкканда комиссия түзүп, ага мен, Салижан Жигитов, Москвадан Георгий Рудов кирди. Барып КГБнын архивин карадык. Ошол кездеги 3-катчынын сейфинде Касым Тыныстановдун саясий жана кылмыштык жактан толук акталгандыгы, ошондой эле партияга киргизүү туурасында Москвадан келген кат бар экен. Ал 1958-жылы эле келсе да катып коюшуптур. КГБдан аны эмне үчүн атканын карасам, 1931-жылы Тыныстанов эл агартуу министри жана жалгыз профессор болгон экен. Ал "Синтаксис" деген китебин чыгарат. "Если у тебя в кармане много денег, значить ты богатый человек" деген сүйлөмдө үтүрдүн кайсы жерге коюлушу боюнча жазылып, анын кыргызча котормосун "орооңдо даның көп болсо, корооңдо малың көп болот" дегенди келтириптир. Эми ошону илинчек кылып "мына, коллективдештирүү жүрүп жатса, орооңорго дан каткыла" деп агитация жүргүзүп жатат" деген бурмалоо менен "Правда" гезитине жазып чыгышкан. Тыныстанов ошондон көп өтпөй эле камалган.

 Кыргызский писатель, просветитель, литературовед, критик, драматург, ученый Ташым Байжиев
© Фото / из архива семьи Байжиевых
Мар Байжиев: Бир жолу атамдан мага кат келди, "ай бала, эч качан жазуучулукка, искусствого киришпегин. Окууңду бүткөндөн кийин куруучу бол" деп жазыптыр. Анткени колум эптүү болчу.

— "Ата-Бейиттеги" репрессиянын курмандыктарынын сөөгү табылганда сиз депутат экенсиз?

— Ошондо Аскар Акаев мени чакыртып, "КГБнын архивинен барып изилдеп көрүңүз, булар эмне болуп камалганын так билели" деди. Ошол кезде КГБнын башчысы Жумабек Асанкулов болчу, андан акырын "агай, чыныңызды айтыңызчы, бул залкарлардын сөөгү ушул жерде экенин билчү белеңиз" десем, "аны билчүбүз" деди. Көрсө, кимдер кайсы жерде атылганы тууралуу маалыматтардын баары архивде бар экен. Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Токчоро Жолдошевдин сөөгү Ата-Бейитте жок болуп чыкты. "Алар кайда?" десем, азыркы "Дордой" базары тарапта экенин айтып, "бул сөөктөрдү жашырып, анан аларды табабыз" деген, бирок ошол бойдон аткарылбай калды.

— Атаңыздын камалганы эсиңиздеби?

— 10-январь түнү эртеңки мектепке даярданып жатканбыз. Эшиктин алдына машина токтогондо эле апам: "Кокуй, Ташыке, сени алып кеткени келишти окшойт", — деди. Ага чейин Тазабек Саманчин камалган. Анан КГБнын төрт аскери үйгө кирди. Атамды алып баратканда иним "папа не виноват" деп эле атама жабышып чуркаганда бирөөсү аны колу менен акырын түртүп койду. Ошол кишинин жүзүн эстеп калгам. Кийин чоңойгондо ал киши менен далай кездешип, жогорку кызматтарда иштештик. Бирок сыр берген жокмун. Ал да мени тааныбайт деп ойлоду...

Биздин үйүбүз азыркы Кыргыз драма театры болсо, КГБнын имараты Тарых музейинин ордунда болчу. Ошондо артынан ээрчий карап турсак, атамды КГБнын короосуна алып кирип кетишкен. Ошол бойдон көргөн жокмун. Башка жакка айдалып кетерде апамды чакырып "балдар кандай?" деп сураптыр. Биз ошол жакка барып чосмо менен (рогатка — ред.) таранчы атып, аны шашлык кылып жечүбүз. Анан биздин кыйкырышкан үнүбүздү жер төлөдө жаткан атам укчу экен. Аны апама айтыптыр, мен анда 14 жашка чыгып калгам.

Бир жолу атамдан мага кат келди, "ай бала, эч качан жазуучулукка, искусствого киришпегин. Окууңду бүткөндөн кийин куруучу бол" деп жазыптыр. Анткени колум эптүү болчу. Ошентип түрмөгө тынбай посылка жиберип жаттык. Бир-эки жылдан кийин апам такыр эле эч нерсе жибербей калды. Анан "апа, атама посылка салбайсызбы?" десем ар кайсы шылтоону айтып кутулчу. Апама таарынып да жүрдүм. Көрсө, түрмөдө чогуу жаткан өзбек жазуучусунун баласы атамдын каза болгондугу тууралуу кат жибериптир. "Угуп алып жаман жолго түшүп кетпесин" деп корккон апам аны мага көрсөтпөй жүрүптүр. Мен да бир күнү ал катты окуп калып, билмексен болуп апама эч нерсе айткан жокмун. Кийин Зияш абам түрмөдөн чыкканда атамды угузганы үйгө келишти, бирок апам мурда эле укканын, мен да муну билеримди айттым. Анан Тукей Кекиликов келип, атам тууралуу көп маалымат берген.

Народный писатель Кыргызстана, сценарист, драматург Мар Байжиев на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мар Байжиев: бир таарынычым бар. 2019-жылы атамдын 110 жылдыгында Караколдогу мектепке жана бир көчөгө атын беребиз деген чечим чыгып, гезитке да жарыяланган. Анан бара-бара тигил кызматкерлерди жумуштан алып коюп, бул маселе ишке ашпай калды. Ушуну эми деле эске алышса жакшы болот эле.

— Атаңыздын керээзин аткарбай калган турбайсызбы?

— Мен бала кезден театр менен өсүп калдым. Ушул дүйнөдө жашадым. Ошол кезде эле бир нерсе жаза коюп жүрчүмүн. Анан өмүр бою шаарда жашасам да кыргызча жакшы сүйлөйм. Орусча ырларды жазчумун. Чоң энем да Саякбай Каралаев менен жакын тууган болгондуктан көп нерсе айтып берчү. Музыкалык ийримге катышсам, опералык үнүм да бар экен. Театрда роль да аткара койчумун. Бирок окумуштуу болом го деп ойлогом. "Манас" эпосу, кенже эпостор тууралуу изилдөөлөрүм бар. Бара-бара чыгармачылыкка берилип кеттим. Себеби 3-курста окуп жүргөндө бир кичине пьеса жазып койсом жер-жерлердин баарына коюлуп, жакшы кабыл алынды. Бир жолу Нарынга барып калсам Таттыбүбү 8-класс, Нуркан Турсунбаев 10-класста окуйт экен. Экөө комедия жанрындагы жанагы пьесамды ойноп жатышыптыр. Кийин артист болом го дегем, бирок артисттин турмушу да татаал. Ошентип чыгармачылык өзүнө азгырып кетти. Драматург болуп кеткенимдин себеби — ошол учурда эки тилде бирдей билген мен, Касымалы Баялиновдун уулу Марклен жана Лилия Турусбекова үчөөбүз эле экенбиз. Мен далай пьесаларды котордум.

— Иниңиздин тагдыры кандай болду?

— Ал политехникалык институтту бүтүрүп, куруучу болду. 1938-жылы туулган. Курулуш тармагында прораб, жетекчи болуп иштеп, эки-үч жыл мурда каза болуп калды.

Менин бир таарынычым бар. 2019-жылы атамдын 110 жылдыгында Караколдогу мектепке жана бир көчөгө атын беребиз деген чечим чыгып, гезитке да жарыяланган. Анан бара-бара тигил кызматкерлерди жумуштан алып коюп, бул маселе ишке ашпай калды. Ушуну эми деле эске алышса жакшы болот эле.

Маекти толугу менен Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринен да уксаңыздар болот:

4683
Белгилер:
Ташым Байжиев, Мар Байжиев, Манас, камоо, китеп, Касым Тыныстанов, Зияш Бектенов
Тема боюнча
Сайкал Садыбакасова: апамдын ыйлаганын инимди жоготкондо көрдүм
Түгөлбай Казаков: руханий дүйнөнү туу туткан көчмөн элек, көр дүйнөнүн кулу болдук
Газпром. Архивдик сүрөт

Молдова карызын төлөбөсө, "Газпром" көгүлтүр от бербестигин айтты