Процент белгиси. Архив

Той-ашка алган насыядан кутулуу баарынан татаал. Финансист себебин айтты

119
(жаңыланган 10:35 27.09.2021)
Адис кандай гана кредит болбосун, андан кутулуу үчүн кирешенин 30 пайыздан азы кетиши керектигин айтат. Андан ашып 50 пайызга чукулдаса, кадимкидей кыйынчылыктар жаралат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Көз карандысыз финансы консультанты Ольга Трофименко Sputnik радиосунун эфиринде насыянын кайсы түрүнөн кутулуу татаал экенин айтып берди.

Адистин пикиринде, той-ашка жана саякаттоо үчүн алган насыяны төлөө финансылык жактан дагы, моралдык жактан дагы өтө кыйын.

"Эс алуу, үлпөт той, юбилей сыяктуу жагымдуу көз ирмемдер артта калган соң ал үчүн акча төлөй берүү оңой эмес. Анткени андагы сезимдер акырындык менен унутта кала берет дагы, акча текке кетип жаткансып, адам психологиялык жактан кыйналат. Ал эми ипотека, бизнес, автоунаа үчүн алган кредитти төлөө процессинде адам сатып алган оокат-жайын көрүп, өзүн моралдык жактан жооткотуп турат", — деди финансист.

Ошондой эле адис кандай гана кредит болбосун, андан кутулуу үчүн кирешенин 30 пайыздан азы кетиши керектигин айтат.

"Насыя алардан мурда адам өзүнүн чама-чаркын караш керек. Кредиттен кутулуу үчүн ай сайын төлөгөн акча кирешенин 30 пайызынан ашып, 50 пайызга чукулдаса кадимкидей кыйынчылыктар жаралат", — деди Трофименко.

Сөзүнүн аягында финансист насыя алгысы келген адамдын бир аз да болсо запаста акчасы болушу керектигин айтат. Ал каражат адам ишсиз калып же башка финансылык чыгымдар болгондо кереги тиет.

119
Белгилер:
кредит, той, банк, кеңеш
Тема боюнча
Улуттук банк насыяны мөөнөтүнөн эрте төлөп кутулуунун оң, терс жактарын айтты
Кыргызстанда акчанын көлөмү боюнча рекорд коюлду
Лампочка. Архивдик сүрөт

Эртең Бишкектин 21 көчөсүндө электр энергиясы болбойт. Тизме

21
Адистер пландалган оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөрүн, электр кубаты кыска мөөнөткө өчөрүн кабарлашты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү, 18-октябрда, Бишкектин бир катар райондорунда электр энергиясы өчүрүлөрү күтүлүп жатат. Бул туурасында "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Бригадалар эл жашаган үйлөрдөгү тийиштүү тармактарды техникалык кароодон өткөрүп, зарылдыгы болгон жерлерде трансформаторлорду алмаштырары айтылды.

Төмөнкү сааттарда жана төмөнкү аймактарда электр кубаты өчүрүлөт:

  • 8:00 - 17:00 — Проскуряков көчөсүнүн тилкесинде;
  • 9:00 - 17:00 — Токтоналиев көчөсүндөгү № 54 үйдө;
  • 9:00 - 18:00 — Дэн Сяопин проспектинин, Месарош, 9-январь, Орозов, Жамгырчинов, Кайназарова көчөлөрүнүн, Гатчинск кууш көчөсүнүн тилкелеринде, Арча-Бешик ( Чатыр-Көл көч.), Ак-Босого ( Чүй 16-21, 31-34, 39-41, Түлөбердев көч.) конуштарында;
  • 9:30 - 12:00 — Ала-Тоо, Жукеев-Пудовкин, Медеров, Карасаев көчөлөрүнүн, Гвардия, Кокан, Вишнев  кууш көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 9:30 - 16:00 — 5-кичи райондо (№ 59-61, 63 үйлөр);
  • 9:30 - 17:00 — 3-кичи райондо (№ 25 үйдө);
  • 9:30 - 19:00 — Элебесов көчөсүнүн, Дорожный чолок көчөсүнүн тилкелеринде жана Кайыңды конушунда;
  • 14:00 -17:00 — "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында.
21
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, электр кубаты, өчүрүү
Тема боюнча
Жаан жаабайбы? Бир жумага карата аба ырайы
 Лев Толстой көчөсү. Архивдик сүрөт

Иш бүтө элек. Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү эртең да жабык болот

18
(жаңыланган 16:41 17.10.2021)
Жол бүгүн ачылышы керек болчу. Бирок мэрия автоунаалардын көптүгүнөн улам жолду жабуу көп убакытты талап кылганын жана иш дагы көп экенин айтты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү дагы бир күн жабык болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Муниципалитет буга чейин Лев Толстой көчөсүнүн 7-апрелден Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү 14-октябрдан 17-октябрга чейин жабыларын айткан. Көчөдөгү кыймыл жолдогу кемчиликтерди жоюу үчүн убактылуу токтотулган. 

Схема ремонта улицы Льва Толстого в Бишкеке
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Лев Толстой көчөсүндө болуп аткан оңдоо иштери
"14-октябрда автоунаалардын көптүгүнөн улам жолду жабуу узак убакытты талап кылган. Ошондой эле иштин көптүгүнөн жумуш бүтпөй жатат", — деп айтылат маалыматта.

Муниципалитет ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүндү.

Лев Толстой көчөсү 2020-жылдын октябрь айында реконструкцияланган. Бирок кепилдик мөөнөтү бүтө электигине байланыштуу подрядчы компания аны өз эсебинен кайра оңдоп берет.

18
Белгилер:
Бишкек, Лев Толстой көчөсү, көчө, жабуу, реконструкция
Тема боюнча
Бишкектин конуштарында курулуп жаткан объектилердин картасы пайда болду