Аял менен кызы китеп окуп жатышат электр жарыгы өчүү учурунда. Архив

Шейшемби күнү Бишкектин 36 көчөсүндө электр жарыгы болбойт

83
Электр жарыгы шаардын борбордук бөлүгүнөн тышкары жаңы конуштарда дагы өчүрүлөт. Буга пландык оңдоолор себеп болууда.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Эртең, 28-сентябрда, Бишкектин 36 көчөсүнүн айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдирди.

Монтаж жасоочу бригадалар абоненттерди кайрадан туташтырып, трансформатордук көмөк чордондордун ишин жөнгө салмакчы.

Электр энергиясы өчүрүлчү аймактардын тизмеси:

  • 09:00дөн 17:00гө чейин — Москва, Каракөл көчөлөрүнүн айрым жерлери. Арча-Бешик (Алты-Түтүн, Кара-Кужур, Ак-Таң, Чортеков көчөлөрү);
  • 09:00дөн 18:00гө чейин — Мичурин, Турусбеков, Күрөңкеев, Фрунзе, Үмөталиев, Журнальная, Кудрук, Калык Акиев, Ат-Башы, Махатма Ганди, Жибек жолу, Васильев, Шевченко, Тоголок Молдо, Ананьев көчөлөрүнүн жана Тимирязев, Түп тар көчөлөрүнүн айрым жерлери. Ак-Ордо конушу (Бар-Булак, Гүл-Ордо, Каркыра, Бугу-Эне, Биримдик, Арпа көчөлөрү), Чоң-Арык айылы (Ямбургская, Кожобергенов, Луговая, Мусулманкулов көчөлөрү);
  • 09:30дан 18:30гө чейин — Токтоналиев (№82), Ибраев (№69-71), Дачный көчөлөрүнүн айрым жерлери. Эне-Сай конушу.
83
Белгилер:
Бишкек, электр жарыгы, көчө, ремонт
Тема боюнча
Кулжыгачов: Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр
 Лев Толстой көчөсү. Архивдик сүрөт

Иш бүтө элек. Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү эртең да жабык болот

12
(жаңыланган 16:41 17.10.2021)
Жол бүгүн ачылышы керек болчу. Бирок мэрия автоунаалардын көптүгүнөн улам жолду жабуу көп убакытты талап кылганын жана иш дагы көп экенин айтты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү дагы бир күн жабык болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Муниципалитет буга чейин Лев Толстой көчөсүнүн 7-апрелден Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү 14-октябрдан 17-октябрга чейин жабыларын айткан. Көчөдөгү кыймыл жолдогу кемчиликтерди жоюу үчүн убактылуу токтотулган. 

Схема ремонта улицы Льва Толстого в Бишкеке
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Лев Толстой көчөсүндө болуп аткан оңдоо иштери
"14-октябрда автоунаалардын көптүгүнөн улам жолду жабуу узак убакытты талап кылган. Ошондой эле иштин көптүгүнөн жумуш бүтпөй жатат", — деп айтылат маалыматта.

Муниципалитет ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүндү.

Лев Толстой көчөсү 2020-жылдын октябрь айында реконструкцияланган. Бирок кепилдик мөөнөтү бүтө электигине байланыштуу подрядчы компания аны өз эсебинен кайра оңдоп берет.

12
Белгилер:
Бишкек, Лев Толстой көчөсү, көчө, жабуу, реконструкция
Тема боюнча
Бишкектин конуштарында курулуп жаткан объектилердин картасы пайда болду
Бөбөк кыз аялдын колунда. Иллюстративдик сүрөт

Россиядан ата-энесинин кароосунан ажыраган 7 бөбөк алып келинди

27
(жаңыланган 16:27 17.10.2021)
Жашы жете электерди Кыргызстанга алып келүү иштерин Кыргызстандын Москвада жайгашкан элчилиги жана ТИМ аткарды. Министрликтен эгерде балдарды биологиялык үй-бүлөсүнө жайгаштырууга мүмкүн болбосо, асырап алууга берүү маселеси караларын айтышты.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Россиядан Кыргызстанга ата-энесинин кароосунан калган жашы жете элек жети баланы алып келишти. Бул туурасында КРдин Эмгек, социалдык жактан коргоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аларды алып келүү ишин Москвадагы элчилик менен Тышкы иштер министрлиги уюштурду.

"Министрлик социалдык жактан коргоо боюнча райондук башкармалыктар менен балдарды биологиялык үй-бүлөсү менен кошуу иштерин аткармакчы", — деп айтылат маалыматта.

Эгерде алардын биологиялык бүлөсүнө жайгаштырууга мүмкүн болбосо, асырап алууга берүү маселеси караларын айтышты.

27
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, бала, алып келүү
Тема боюнча
Москвада балалуу болгон мигранттарга 20 миң рублден төлөнөт. Түшүндүрмө
Жогорку Кеңештин депутаты Алайбек Анаркулов

Жогорку Кеңештин 41 жаштагы кызматкери депутаттык мандат алды

0
(жаңыланган 17:11 17.10.2021)
41 жаштагы Алайбек Алымбаев "Биздин Кыргызстан" партиясынын атынан Бишкек шаардык кеңешине ат салышкан. Анда Жогорку Кеңеште эксперт болуп иштей турганын көрсөткөн.

БИШКЕК, 17 окт — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев мандатып тапшырып, ордуна 41 жаштагы Алайбек Анаркулов келди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Чечимди бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кабыл алган. Тулендыбаев депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн арыз берген. Ал "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат болчу.

41 жаштагы Алайбек Алымбаев "Биздин Кыргызстан" партиясынын атынан Бишкек шаардык кеңешине ат салышкан. Анда Жогорку Кеңеште эксперт болуп иштей турганын көрсөткөн.

0
Белгилер:
Кыргызстан, БШК, депутат
Тема боюнча
Ноокаттын мэри менен депутаты 15 млн. сом кымырган деп кармалды. Сүрөт
ЖКга депутат болом деген ниетин 387 киши билдирди