Тажикстандын күч органдары кармаган Кыргызстандын жараны мекенине кайтарылды

© Sputnik / Эмиль СадыровБаткен облусунун тургуну. Архив
Баткен облусунун тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Бүгүн Баткен облусу менен тажик тараптын Согди облусунун башчылары жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп, окуя боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Тажикстандын УКМК кызматкерлери кармап кеткен 26 жаштагы Уразбек Мирзоев кыргыз тарапка өткөрүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Мирзоев Лейлекке "Кулунду" чек ара көзөмөл посту аркылуу кирген. Учурда Кыргызстандын компетенттүү органдары териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Алдын ала маалымат боюнча, Жаштык айылынын тургуну кечээ, 26-сентябрда, жубайы экөө Тажикстандын маршруттук таксиси менен Жигдалик айылына бара жатканда Худжанд — Канибадам жолунан кармалган.

Мирзоевдин кармалганы тууралуу жубайы Кыргызстандын чек арачыларына кабарлаган.

Бүгүн Кыргызстандын Баткен облусу менен тажик тараптын Согди облусунун башчылары жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, анын натыйжасында Кыргызстандын жараны мекенине кайтарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0