Коронавирустан улам Бишкектеги мектептерде 13 класс жабылды. Тизме

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМектептеги карантин. Архив
Мектептеги карантин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Жалпысынан 13 класс убактылуу карантинге жабылган. Мэрия ата-энелерден ооруган балдарды мектеп, бала бакчага жибербей коё турууну суранды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкектин кээ бир мектептеринде окуучулардан коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу айрым класстар жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жалпысынан 13 класс убактылуу карантинге жабылган.

Биринчи май району:

  • №48 орто мектебинде бир класс, №70 мектепте бир класс;

Ленин району:

  • №9 мектепте эки класс, №13 мектепте бир класс, №8 мектепте бир класс;

Свердлов району:

  • №11 мектепте бир класс, №38 мектепте бир класс, №4 мектепте үч класс, №65 орто мектебинде бир класс, №66 мектепте бир класс.

Мэрия бекитилген алгоритм боюнча кайсы мектептин окуучуларында коронавирус аныктала турган болсо, класстар жабыларын эскертти.

"Урматтуу ата-энелер, эгер балаңыз ооруп кала турган болсо, аны мектепке же бала бакчага жибербей коё туруңуз. Анткени бала башкаларга да жугузуп, вирусту жайылтышы ыктымал", — деп айтылат маалыматта.

Жабылган класстардын окуучулары аралыктан окуп турары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0