Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Айваз Оморканов жооптуу кызматка дайындалышынын Кыргызстан үчүн маанисин айтты

© Sputnik / Бегайым КасымбековаХоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп шайланган Айваз Оморканов
Хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп шайланган Айваз Оморканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Айваз Оморканов бул жогорку кызматка дайындалгандан бери алгачкы жолу жергиликтүү журналисттердин суроосуна жооп берүүдө.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп шайланган Айваз Оморканов бул кызматка жетишин Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик деп эсептей турганын айтты.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтүп жаткан "Айваз Оморканов — Хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти" аталышындагы маалымат жыйынына катышууда. Эске салсак, Оморканов бул кызматка дайындалгандан бери алгачкы жолу жергиликтүү журналисттердин суроосуна жооп берүүдө.

ЖМК өкүлдөрү ага Хоккей боюнча эл аралык федерацияда жаш курагына карап теңсинбөөлөр болбойбу деген суроо берди.

"Мен андайды байкаган жокмун. Дүйнөлүк спорттун, хоккейдин тарыхында биринчи жолу 25 жаштагы жигит мындай жогорку кызматты ээлеп жатат. Бул биздин мамлекет үчүн чоң жетишкендик жана биздин региондо хоккейдин өнүгүшүнө түрткү болот деп ойлойм", — деди Оморканов.

Ошондой эле ал Хоккей боюнча эл аралык федерациянын жаңы курамынын алгачкы жыйыны 1-ноябрь күнү Швейцариянын Цюрих шаарында болорун айтып, дал ошол жерде анын программасы качан жана кантип ишке ашары талкууланарын кошумчалады.

Эске салсак, кыргызстандык хоккей функционери Айваз Оморканов 25-сентябрь күнү Хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп шайланган. Ал Хоккей боюнча эл аралык федерациянын кеңешинин тарыхындагы эң жаш мүчө болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0