Кадыр Атамбаев Бишкекте жол кире кымбаттаса сотко кайрыларын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык кеңештин депутаты Кадыр Атамбаев. Архив
Бишкек шаардык кеңештин депутаты Кадыр Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Депутат тарифти көтөрүү мыйзамсыз деп эсептээрин айтып, эгер жогоруласа сотко кайрылууну пландап жатканын билдирди.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештин депутаты Кадыр Атамбаев жол кирени көтөрүүгө каршы чыгып, маршруттук фирмалардын мафиясын текшерүүнү сунуштады.

Ал керектөөчүлөрдүн укугун коргогон "Кыргыз транс көзөмөл" уюмунун маалыматы боюнча бир маршрутканын айдоочусу күнүнө 3-4 миң сом табарын айтты.

"Шаарда 3000дей маршрутка болсо, демек, фирмаларга күн сайын 9 миллион сом түшөт экен. Бирок фирма ээлери салыкты жашырып, чыныгы феодализм менен алектенишет. Бул жерде жооптуу кызматкерлердин коррупциялык иштерин көрүп жатабыз. Фирмалар киреше-чыгашасы тууралуу отчет бербейт экен. Андыктан бул маселени чечпей туруп жол кирени көтөрүү туура эмес. Маршруткачыларды митингге чыгарып коюп, үстүндө мафиянын королдору жашырынып отурат", — деди Атамбаев.

Ошондой эле ал тарифти көтөрүү мыйзамсыз деп эсептээрин айтып, эгер жогоруласа сотко кайрылууну пландап жатканын билдирди. Себеби азыркы анализдер жол кирени кымбаттатууга негиз боло албайт деген пикирин ортого салды.

Учурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жол кирени көтөрүү маселесин карап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0