Кар жаап, үшүк жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте киши кол чатыр менен, кар жаган учурда. Архив
Бишкекте киши кол чатыр менен, кар жаган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
3-5-октябрда түнкүсүн Кыргызстандын дээрлик бардык облустарында күн сууктап, үшүк жүрөрү айтылды.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 1-4-октябрда аба ырайы бузулуп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоо этектериндеги жаан карга айланып, ал эми тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлады.

2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болушу күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

2-3-октябрда күн сууктайт, аймактарда төмөндөгүдөй аба ырайы күтүлүүдө:

  • Чүй өрөөнүндө +5…+10 градус
  • Талас өрөөнүндө +4…+9 градус;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +9…+14 градус;
  • Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында +4…+9 градус болушу күтүлөт.

Өзгөрүлмөлүү мындай аба ырайы айыл чарбасындагы, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатып, жайыттарда мал кармоодо түйшүк жаратат.

3-5-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градус, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4 градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Кыргызгидромет бул жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып, бирок жабылбаган картошка жана кант кызылчасына зыян алып келерин эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0