Медициналык кызматкер. Архив

Өткөн суткада 69 кишиден коронавирус табылып, бир бейтап көз жумду

70
(жаңыланган 09:37 29.09.2021)
Кечээтен бери Нарын, Жалал-Абад облустарында коронавирус жуктурган учур катталган эмес. Азыркы тапта 454 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 69 кишиден коронавирус аныкталып, 97 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 38;
  • Чүй облусу – 17;
  • Ош облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Баткен облусу – 1.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 178 444кө жетти. Анын ичинен 173 102 адам дартты жеңген.

Тилекке каршы, кечээтен бери бир бейтап коронавирустун курмандыгы болду. Бул учур COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында катталган. Азыркы тапта стационарда 454, ал эми амбулатордук шартта 803 адам дарыланып жатат.

70
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, статистика, дарт, бейтап
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус (134)
Тема боюнча
Бишкекте вакцинадан кийин каза болду деген аял. Министр себебин айтты
Коронавирустан улам Бишкектеги мектептерде 13 класс жабылды. Тизме

"Империя пиццы" кафесинен уулангандардын саны 179га жетти

3
Тамакка ууланып кайрылгандардын ичинен 18и балдар экени айтылды. Алардын 12си учурда ооруканада.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкектеги кафеден ролл жеп ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 179га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалымат бүгүн, 26-октябрь, саат 11:00гө карата алынган. Билдирмеге караганда, статистикага Чүй облусу да кошулган. Тамакка ууланып кайрылган 179 адамдын 18и балдар.

Ууланып ооруканада дарыланып жаткандар:

  • Темир жол ооруканасы — 13;
  • 3-шаардык клиникалык балдар ооруканасы — 12;
  • Улуттук госпиталь — 24;
  • Ысык-Атадагы жалпы дарыгердик практика борбору — 1.

Калганы медициналык жардам алган соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Эске салсак, 24-октябрда "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала болчу. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган.

3
Кишенчен аял. Иллюстративдик сүрөт

Милиция блогер Гүлзат Мамытбекти 110 миң доллар алган деп кармады

52
(жаңыланган 10:53 26.10.2021)
Арыз жазгандардын айтымында, блогер кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткен.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Гүлзат Мамытбек деп таанылган блогер Гүлзат Алымкулова кармалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адам билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Биринчи май РИИБге жети киши Мамытбекти алдамчылыкка айыптап кайрылган. Алардын айтымында, блогер кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткен. Жалпы 110 миң доллар зыян келтирилгени маалым болду.

Аталган факт Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Шектүү былтыр февраль айында Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болгон. Июнда ага кылмышка шектелип жатканы боюнча кабар берилген жана сыртынан баш коргоо чарасы тандалып, борбордогу №1 тергөө абагына киргизилмек.

Бирок августта Мамытбекке карата тергөө токтотулган, бул ага издөө жарыяланышы менен байланыштуу болгон.

Кечээ, 25-октябрда, шектүү Кыргызстанга келери менен Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө уланууда.

52
Белгилер:
блогер, алдамчылык, милиция, кармоо, Гүлзат Мамытбек
Тема боюнча
Кара-Кулжада өзбекстандыктарга жасалма паспорт берип жүргөн адис кармалды
Таанышканына эки күн болгон. Чүйдө кыз ала качты деп төрт киши кармалды