Балдар үйүндөгү өспүрүм. Архив

Балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмү: экспертизанын жыйынтыгы чыкты

179
(жаңыланган 12:16 29.09.2021)
Өспүрүм ушул жылдын июнь айында Чүйдөгү балдар үйүндө көз жумган. ЖМКга ал ур-токмокко алынгандан кийин өлдү деген версиялар чыккан. Ошондон кийин сотко чейинки өндүрүш ачылган.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча комиссиялык экспертизанын бүтүмү даяр болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Баланын өлүмү боюнча буга чейин милиция Жазык кодексинин 138-беренеси ("Адам өлүмүнө алып келген денеге оор залал келтирүү") менен сотко чейинки өндүрүш ишин ачкан.

"Комиссиянын экспертизадан кийин чыгарган бүтүмүнө караганда, Якуниндин төшүнө катуу сокку урулуп жүрөгү токтоп калган. Сотко чейинки иликтөө иштери уланууда", — дешти милициядан.

Эске салсак, балдар үйүнүн 13 жаштагы тарбиялануучусунун каза тапканы тууралуу маалымат июнь айында тараган. Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган эле. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуу болгон.

Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынан четтетүү тууралуу кат жолдогон. Маркумдун агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жолдоп, бул иштин тергелишин көзөмөлгө алууну суранган. Кайрылуусунда иниси токмок жеп каза болду деген шек жаралып жаткандыгын айткан. Кийин Садыр Жапаров бул ишти өз көзөмөлүнө алган болчу.

30-июнда Якуниндин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, баланын сабалганы тастыкталган. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Адам өлүмүнө алып келген денеге оор залал келтирүү") боюнча иш козгогон.

179
Белгилер:
Кыргызстан, Игорь Якунин, балдар үйү, өлүм
Тема боюнча
Военно-Антоновкадагы баланын өлүмү боюнча комиссиянын жыйынтыгы чыкты
Көмүр саткан жайларга рейд жүргүзүлүүдө

Чүйдө көмүр саткан жайларга рейд жүргүзүлүүдө. Сүрөт

9
(жаңыланган 16:57 28.10.2021)
Текшерүүгө Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен Экономика жана коммерция министрлигинен тышкары бир катар мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери чыкты.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкектин төмөнкү жагындагы айланма жолдогу жана Сокулук районундагы көмүр саткан жайларда рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Рейды по урегулированию цен на уголь на топливных базах и стационарных точках объездной дороги Бишкека и в Сокулукском районе. 28 октября 2021 года
© Фото / пресс-служба ГААР при ПКР
Бишкектин төмөнкү жагындагы айланма жолдогу жана Сокулук районундагы көмүр саткан жайларда рейд жүргүзүлүүдө

Текшерүүгө аталган агенттиктен, Экономика жана коммерция министрлигинен тышкары бир катар мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери чыкты.

"Сатуучуларга көмүрдүн баасы көтөрүлбөшү керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Сатуучулар мыйзамды бузуу менен мындан ары дагы бааны жогорулатса жоопко тартылары боюнча эскертүү берилди.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон.

Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

9
Белгилер:
Чүй облусу, Бишкек, көмүр, баа, рейд
Тема боюнча
Бийлик Бишкек менен аймактарда көмүрдүн баасын бекитти. Канчадан ашпаш керек?
Сом купюралары жана моенаталары. Иллюстративдик сүрөт

Instagram да, блогер да салык төлөйт. Жаңы кодекске кошулган берене

71
(жаңыланган 16:36 28.10.2021)
Жаңы кодекс ишке кирсе Google, Яндекс, Facebook, Instagram сыяктуу компанияларга, интернет-дүкөндөргө салык салына баштайт.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Сунушталып жаткан Салык кодексинин жаңы редакциясы "Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишке салык" деген глава менен толукталды. Бул норма интернет аркылуу товар саткан жана кызмат көрсөткөн тармактарга салык салууну жол-жоболоштурат.

Ошондой эле блогерлер да соцтармактан тапкан пайдасынан салык төлөөгө милдеттендирилет. Бул туурасында Электрондук формада кызмат көрсөтүү терминине түшүндүрмө берген 32-берененин 3-бөлүгүндө жазылган.

Салык кызматынын Методология башкармалыгынын башчысы, кодексти иштеп чыгуу тобунун мүчөсү Нурлан Умтулов бул эки топко бөлүнөрүн билдирди.

Google, Яндекс, Facebook, Instagram сыяктуу компаниялар жарнама жана башка кызматтардан киреше таап жатканы үчүн кошумча нарк салыгын (12 пайыздык ставка) төлөйт. Ал эми Кыргызстанда катталган интернет-дүкөндөр үчүн атайын режим киргизилди, алар пайдасынын 2 пайызын салыкка чегерет. Аталган компаниялар Салык кызматына каттоого турууга милдеттүү болот. Ал эми блогерлер сыяктуу соцтармактан акча тапкан жарандар 10 пайыздык ставка менен киреше салыгын төлөйт.

"Учурдагы салык мыйзамдары боюнча деле блогерлер салык төлөшү керек. Себеби алар кызмат көрсөтүү үчүн акча алып, пайда таап жатпайбы. Андыктан блогерлер да милдеттүү. Болбосо жеке ишкер катары катталып бирдиктүү салык (4 пайыздык ставка менен — ред.) төлөшү керек", — деди Жумалиев.

Салык кодексинин долбоорунун маалыматтык негиздемесинде учурда электрондук коммерция чөйрөсүндөгү иштерге салык салууну башкаруу мүмкүн эместиги, колдонуудагы мыйзамдарда салыктын ушул түрү каралбаганы белгиленген.

Жаңы Салык кодексинин долбоору парламентте биринчи окуудан өттү. Аны 2022-жылдын 2-январынан тарта колдонууга чыгаруу пландалууда.

71
Белгилер:
салык кодекси, блогер, электрондук коммерция, интернет-дүкөн
Тема боюнча
Салык төлөбөгөндөр чет өлкөгө чыга албайт. Сунушталган Салык кодекси