УКМК: "Ош" аэропортунда чек арачылар чет элдиктерден акча алып жүргөн

© Sputnik / Эмиль Садыров "Ош" аэропорту. Архив
 Ош аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Атайын кызматтан билдиргендей, көзөмөл өткөрүү пунктунун кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланып, чет элдик жүргүнчүлөрдөн мыйзамсыз түрдө акча чогултуп турган.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. "Ош" аэропортунун көзөмөл өткөрүү пунктунун кызматкерлери тарабынан түзүлгөн туруктуу коррупциялык канал аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

"Аталган көзөмөл өткөрүү пунктунун кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланып, чет элдик жүргүнчүлөрдөн мыйзамсыз түрдө акча чогултуп жүргөнү белгилүү болду", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ушул тапта тергөө иштеринин алкагында 20 кызматкерге карата текшерүү иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0