Тазабек Икрамов эгинге түшкөн мал ээсине айып салуу мыйзамын чыгарууну сунуштады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Тазабек Икрамов. Архив
Депутат Тазабек Икрамов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Депутат мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча министрлер кабинетине протоколдук тапшырма берди.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов эгинге түшкөн малдын ээсине айып пул салуу мыйзамын иштеп чыгууну сунуштады.

Ал учурда элдин негизги көйгөйү ушунда болуп жатканын айтып, эгинин жеп кеткен малдын айынан жарандар бири-бири менен урушуп, өлтүргөнгө чейин барып жатканын айтты.

"Элдин малы эгинге түшүп, алды өлүм менен аяктады. Малдарын чаап жатат, урушуп жатышат. Буларга эч бир мыйзам болбой калды. Эки тарап тең биздин элибиз. Ошондуктан мыйзам менен корголгон чечим чыгарып берели. Мисалы, марттан октябрь айына чейин эгинге малы түшкөн болсо ээсине жылкы үчүн 200, уйга 100, койго 50 сом айып пул салынат деп мыйзам кабыл алып бериңиздер. Учурда элибиз эгинге түшкөн малды өз алдынча камап, бири-бирин өлтүрүп жатышат", — деди Икрамов.

Анын айтымында, эгер бирөө эгинге түшкөн малды камап койсо, ээси барып айып пул төлөп чыгарып кеткидей болушу шарт.

Депутат тийиштүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча министрлер кабинетине протоколдук тапшырма берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0