Өлкөнүн түштүгүндө жер титиреди

© AFP / TED ALJIBEСейсмографтын маалыматтары. Архив
Сейсмографтын маалыматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Баткен облусундагы жер титирөө 29-сентябрь күнү саат 18:41де катталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, Баткен облусунда күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү болду.

Кадамжай шаарында, Пүлгөн, Котур-Булак, Жийделик, Кызыл-Булак, Таш-Кыя айылдарында 3,5 балл болсо, Кароол, Кара-Жыгач айылдарында 3 баллга, Кызыл-Кыяда 2,5 баллга жетти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Ал эми Жалал-Абадда 5 баллга жеткен жер титирөө болду.

Михайловка, Сары-Булак, Кара-Чолок айылдарында жер титирөө — 4,5 балл, Ак-Тоок, Орказган, Сай, Каду, Карамарт айылдарында – 4 балл, Жалал-Абад, Өзгөн, Мырзаке, Арсланбобдо — 3,5 балл, Базар-Коргон, Массы айылында — 3 балл, Ош шаарында 2,5 баллга жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0