Акыйкатчы институту "Укук кербени" менен өлкөнү кыдырат

© Sputnik / Табылды КадырбековАкыйкатчы Токон Мамытов
Акыйкатчы Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Долбоор менен бир айдын ичинде Акыйкатчынын борбордук аппараты республиканын аймактарына барат.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Өлкөнүн Акыйкатчы институту 4-октябрдан тартып Эл аралык адам укуктары күнүнө (10-декабрь) арналган "Укук кербени" долбоорун баштайт. Бул тууралуу Омбудсмендин маалымат кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык, бир айдын ичинде борбордук аппараттын жетекчилиги жана өкүлдөрү республиканын аймактарына барат.

Акыйкатчы Токон Мамытов, анын орун басарлары Гүлнара Жамгырчиева жана Альберт Колопов, аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков, ошондой эле Акыйкатчы институтунун тармактык бөлүмдөрүнүн башчылары жер-жерлерде жарандарды кабыл алып, анын ичинде активисттер менен жолугушууларды өткөрүшөт.

"Жолугушууларда жарандардын арыз-даты угулат. Ошондой эле тиешелүү юридикалык кеңештер берилет. Мындан тышкары, бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрүн жана прокурорлорду тартуу менен жарандарды кабыл алуу жүргүзүлөт. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери бул аралыкта республиканын социалдык жана жабык мекемелеринде адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына мониторинг жүргүзүшөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Аймактагы жолугушуулар Кыргызстандын региондорунда адам укуктарынын системдүү түрдө бузулушун аныктоого жардам берери белгиленет.

Сапардын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ар бир облусундагы бийлик органдарына аныкталган мыйзам бузуулар боюнча көрсөтмөлөр жана сунуштар жазылган тиешелүү каттар жөнөтүлмөкчү.

"Укук кербени" 2021-жылдын 4-ноябрында жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0