Чыгып турган курсактан арылуунун жөнөкөй үч жолу. Дарыгердин кеңеши

© AFP / STR Аялдар ашыкча салмак менен. Архив
Аялдар ашыкча салмак менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Белдин жооноюп кетиши ички органдардын айланасында май топтолуп, алардын кадыресе иштешине тоскоол болуп жаткандыгынан кабар берет. Мунун кесепетинен адам бир нече ооруга чалдыгышы мүмкүн.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Адам чыгып турган курсагынан (висцералдык май) арылыш үчүн эң жөнөкөй бир нече эрежени сактаса жетиштүү. Бул тууралуу "Известия" диетолог Светлана Фустун айткандарына таянып жазды.

Анын айтымында, белдин жооноюп кетиши ички органдардын айланасында май топтолуп, алардын кадыресе темпте иштешине тоскоол болуп жаткандыгынан кабар берет. Мунун кесепетинен кант диабети, гипертония жана онкологиялык оорулар пайда болушу мүмкүн.

Адис чыгып турган курсактан туура тамактануу жолу менен арылууга болорун билдирген.

"Кечинде эмне жеп жатканыңызды бир карап көрсөңүз. Бул учурда тамакты эч качан тоё жебеш керек жана түндүн бир оокумунда шам-шум эткен ашыкча болот", — деп кеңеш берген Фус.

Дарыгердин айтымында, дегеле "диета" деген нерсени унутуп, болгону тамактануу эрежелерин адам өзүнө, жаш курагына, организминин өзгөчөлүгүнө ылайыктап алышы керек.

Басып бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Дарыгер диетасы жок эле арыктоонун жөнөкөй жолун айтты
Диетолог аялдардын денесиндеги гормоналдык өзгөрүү учурунда белде жана ичинде (курсагында) майдын топтолушуна сезгич болгон рецепторлор пайда болорун кошумчалады.

Мындан сырткары, кардио машыгуулар жана күч корой турган көнүгүүлөрдү жасоо зарылдыгын эскертти. Булар — отуруп-туруу, жерге жатып алып, эки колду таянып жерден денени көтөрүү сыяктуу машыгуулар.

Жаңылыктар түрмөгү
0