Санэпидкөзөмөл: Сузакта төрт адам күйдүргү илдетине кабылганы аныкталды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКанга анализ жасап жаткан лаборатория кызматкери. Архив
Канга анализ жасап жаткан лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Октябрь айылындагы ооруканага бардыгы болуп сегиз киши кайрылган. Дарыгерлер эпидемиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда төрт киши күйдүргү (Сибирь жарасы) илдетине кабылганы аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад райондор аралык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жугуштуу оорулардын алдын алуу борборунун жетекчиси Рома Ураимов билдирди.

Октябрь айылындагы ооруканага бардыгы болуп сегиз киши кайрылган. Алардын төртөөсү оору жуктурганы аныкталган. Абалдары канааттандырарлык деп сыпатталууда. Калган төртөө дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Уй сааганы келаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2020
Дене ууланат. Малдан адамга жуккан күйдүргүдөн кантип сактануу керек
Ураимовдун айтымында, Жашасын айылынын тургундары 16-сентябрда союлган малдын этин сатып алышкан. Эт ошондой эле Кызыл-Сенир жана Бостон айылдарына да таратылган. 100дөн ашык киши ал эттен жеген деген маалымат бар. Учурда эпидемиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин Аксы районунда жети киши күйдүргү илдетин жуктурганга шектелип ооруканага түшкөн. Анын экөөсүндө инфекция аныкталган. Дагы 41 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Күйдүргү — айыл чарба жана жапайы жаныбарларда, ошондой эле адамдарда кездешүүчү өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оору. Анын бактериялары топуракта узак мезгилге сакталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0