Маршрутка айдоочусу иштен алынып, балалуу аялды эмнеге салбай койгонун түшүндүрдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовМаршрутка. Архив
Маршрутка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Соцтармакка бул видео чыгары менен тартип сакчылары издөө иштерин жүргүзүп, Арча-Бешик — Дордой каттамы менен жүргөн 203-маршруттук таксинин айдоочусун аныкташкан.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкекте балалуу аялды маршруткага салбай койгон айдоочу табылды. Бул тууралуу шаардык милициянын Патрулдук кызматынын башкармалыгы билдирди.

Эске салсак, Бишкек шаарындагы маршруткалардын биринин айдоочусу коляскасы болгону үчүн балалуу аялды салбай жаткан видео тараган.

Маалыматка караганда, соцтармакка бул видео чыгары менен тартип сакчылары издөө иштерин жүргүзүп, Арча-Бешик — Дордой каттамы менен каттаган 203-маршруттук таксинин айдоочусун аныкташкан. Ал 1984-жылы туулган М.Б. экени белгилүү болгон. Жаран милицияга төмөнкүлөрдү билдирген.

"Бир жыл мурун да ушундай окуя болуп, анын кесепетинен маршрутканын ичиндеги адамдар жабыркаган. Алардын чыгымын төлөгөм. Ошол себептен колясканы салонго салган эмесмин. Бул үчүн жалпы коомчулуктан кечирим сурайм", — деп билдирген ал.

Милициянын маалыматына караганда, бул айдоочу каттамдан четтетилип, жумуштан алынды. Андан аркы жоопкерчилигин Ленин райондук ИИБинин алгачкы тергөө бөлүмү карайт.

Мындан сырткары, 203-маршруттук каттамдын биргадасы текшерүүгө алынып, техникалык бузуулары үчүн 2 протокол түзүлүп, 10 000 сом айып салынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0