Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Архив

Тез татымда иштеп, электрикке жардамчы болгон. Абдыгулов тууралуу 7 факт

4180
(жаңыланган 23:11 01.10.2021)
Өлкөдө валюта боюнча кандай кырдаал жаралбасын, Улуттук банк сомдун курсун түшүрбөй бир калыпта кармап калууга аракет жасап келет. Коомчулук буга Толкунбек Абдыгуловдун опол тоодой эмгеги бар экенин айтып, анын мыкты финансист экенин белгилешет.

Анткен менен Толкунбек Абдыгулов 29-сентябрь күнү Улуттук банктын төрагасы кызматынан кетти. Ал парламенттин жыйынына келип депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берген. Көпчүлүк эл өкүлдөрү анын мыкты адис экенин айтып, кызматын тапшырбоого үндөштү. Кээ бирлери "Абдыгулов кеткенден кийин сомдун куну түшүп, балээ баспаса болду" деген кооптонууларын дагы айтышты. Жыйындын соңунда депутаттар экс-төраганы шатырата кол чаап узатышты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Толкунбек Абдыгулов тууралуу кызыктуу фактыларды чогултту.

Тоңдо төрөлүп, Кара-Балтада өскөн. Толкунбек Абдыгулов 1976-жылы 7-июнда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Анын үй-бүлөсү Кара-Балтада жашап калганын Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков айтып, ата-энеси тууралуу кыскача маалымат берди.

"Толкунбек Абдыгуловдун ата-энеси Кара-Балтанын Моңолдор деген айылында турчу. Үлгүлүү үй-бүлө эле. Атасы Сагынбек Абдыгулов Советтер Союзу учурунда кызматкер болуп иштеп, кийинчерээк Кара-Балтадагы заводдо башкы инженер болуп көп жыл эмгектенди. Өзү абдан маданияттуу адам эле. Ал киши "өзүм ачка отурсам мейли, башкысы, балам окусун, баарын баламдын билимине жумшайм" деп калчу. Бирок өмүрү кыска болду", — деди Субанбеков.

Япония, Америкада окуган. Абдыгулов Кыргызстан эл аралык университетинин "экономика боюнча эл аралык мамилелер" адистигинде жана 1999-жылы "банк иштери" адистиги боюнча магистратурада окуган. 2005-жылы ал Японияга барып Нагойи (Япония) университетинде "экономикалык өнүгүү" боюнча билимин тереңдеткен. Эки жылдан кийин Түндүк Техас (АКШ) университетинде "мамлекеттик башкаруу" адистигин (магистрлик даража) аяктаган.

Тез татымда иштеп, электрикке жардамчы болгон

Абдыгулов чет мамлекеттерде окуп жүргөн кезинде кара жумуштарда иштегенин айтканы бар.

"Окуудан тышкары McDonald's жайларынын биринде иштедим. Эт кууруп, фри бышыргычты тазалап, залды жыйначумун. Саатына 7 доллардын тегерегинде төлөшчү. Японияга үй-бүлөмдү алып барганда электрикке жардамчы болуп орноштум. Милдетим мастерге аспаптарды гана берип туруу болсо деле McDonald's жайына караганда көбүрөөк төлөшчү, андан жогорусуна менин билимим туура келчү эмес", — деген ал.

Эмгек жолу Улуттук банкта башталган

Өз кесиби боюнча Толкунбек Абдыгулов 1997-жылы Улуттук банкта иштеп баштаган. Алгач ал Инвестиция жана техникалык жактан координациялоо дирекциясынын жетектөөчү экономисти болуп, кийин кызматынан жогорулаган. Ортодон экономист чет мамлекетке окууга кетип, келгенде Чыгыш Европа жана Дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы департаментинде консультант болуп иштеген. 2008-жылы кайрадан мамлекеттик кызматка келип, президенттик администрациянын экономика жана социалдык-саясий экономика бөлүмүнө эксперт болгон.

Абдыгулов беш миң долларлык айлыгынан баш тартып, мамлекеттик кызматка атасынын кеңеши менен келгенин айтканы бар.

"Дос балам президенттик администрациянын социалдык жана экономикалык саясат бөлүмүнө ишке чакырганда этибарга деле алган эмесмин. Аз айлык баш тартууга негизги себеп болгон. Бир ай өткөндөн кийин кайра жолугуп, сүйлөшүүгө чакырды. Ак үйгө келдим, мени президенттик администрациянын ошол кездеги жетекчиси Медет Садыркулов күтүп жатыптыр. Ал мага баягы сунушту кайталады, так жооп берген жокмун, андай маянага үй-бүлөнү багыш кыйын экендигин гана айттым. Атам менен кеңешүүнү эп көрүп, баш тарткым келгенин андан жашырбадым. Соңунда анын кеп-кеңеши менен иш ордумду алмаштыргам", — деген Абдыгулов.

Улуттук банкты үч президенттин убагында башкарган төрага

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкка төрага болуп 2014-жылы, өлкөнү Алмазбек Атамбаев башкарып турган убакта, келген.

"Ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнө чакырып, Улуттук банктын башчылык кызматын аркалоо колумдан келер-келбесин сурады. Эгерде андай ишеним көрсөтүлсө, жоопкерчиликти алып иштөөгө даяр экендигимди айттым. Кызыгы, улуттук валютанын күнүндө мен банктын жамаатына башкаруу тобунун төрагасынын милдетин аткаруучу катары тааныштырылдым", — деген ал.

Ошентип, 2014-жылдан 2017-жылга чейин Абдыгулов Улуттук банкты башкарып, андан соң 2017-жылдын августунан ноябрга чейин биринчи вице-премьер болгон. Кийин ал кызматынан төмөндөп вице-премьер кызматын аркалаган.

Жээнбеков мамлекет башчы болгондон кийин, 2017-жылдын декабрь айында, Толкунбек Абдыгулов кайрадан Улуттук банкка келип, ошондон ушул убакытка чейин аталган мекемени жетектеген. Эми ал Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи боло турганын айтты.

Батирге бөлүнгөн ссуда чыры

2018-жылы Улуттук банк Толкунбек Абдыгулов алган ссуданын (5,5 миллион сом) калган суммасын — 4,8 миллион сомду кечкенин билдирген. Бул коомчулукта түрдүү пикир жараткандыктан кийин Абдыгулов банк кечип койгон ссуданын калганын өзү төлөй турганын айткан. Айрым эл өкүлдөрү анын бир нече үйү бар экенин айтып чыгышкан. Бирок мындай маалыматты Абдыгулов четке кагып, чакан батири менен автоунаасы гана бар экенин белгилеген.

Төрт баланын атасы

Толкунбек Абдыгулов менен келинчегинин ата-энелери дос болгон. Алар бала кезден эле тааныш болуп жүрүп, кийин бой жеткенде кыз-жигит болуп, андан соң баш кошушкан. Жубайлардын төрт баласы бар, улуусу Тимур Абдыгулов 22 жашта. ЖМКларда жазылгандай, Тимур Абдыгулов Висконсин штатындагы мектепте окуп, кийин Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырган.

4180
Белгилер:
Толкунбек Абдыгулов, үй-бүлө, кызмат, окуу, билим, факты
Тема боюнча
Шатырата кол чаап... Улуттук банктын жамааты Абдыгуловду узаткан видео
Парламент Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагалыгына жактырды
Лампочка. Архив

Жума күнү Бишкектин 39 көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Тизме

28
Электриктер тобу турак үйлөрдөгү жабдууларды оңдоо менен алектенишет. Мындан тышкары, трансформатордук көмөк чордондордун ишин карашат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жума күнү, 22-октябрда, Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Электриктер тобу турак үйлөрдөгү жабдууларды оңдоо менен алектенишет. Мындан тышкары, трансформатордук көмөк чордондордун ишин карашат.

Жарык кайсы аймактарда өчүрүлөт:

  • 9:00дөн 16:00гө чейин — Жал 23 кичи району, Чоң-Арык айылы (Северная, 50 лет победы, Шушенский көчөлөрү) Подольская көчөсүнүн бир бөлүгү;
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Ак-Босого (Чүй 20, Чүй 21, Чүй 41ден Чүй 47ге чейин), Арча-Бешик (Эр-Тайлак, Сулуу-Төр, Сары-Булуң көчөлөрү), Көлмө (Республика, Максат, Мыскал, Кулуев, Ак-Жол көчөлөрү), Ак-Өргө (Гагарин, Каркыра, Кара-Булак көчөлөрү) конуштары. Андан тышкары, Жеңиш көчөсүнүн, Беломорский тар көчөсүнүн айрым жерлеринде, Бейшеналиева көчөсүндөгү №6 үйдө болбойт;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Рухий Мурас конушу (6, 5 жана Горький көчөлөрү), 3-кичи райондогу №16 үй;
  • 9:30дан 19:00гө чейин — Көк-Жар конушу (Шоокум көчөсү, 13а тилкеси), Айтматов, Огонбаев жана Таллин көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү;
  • 9:40тан 14:00гө чейин — Алтын Ордо конушунун нөлүнчү жана экинчи көчөлөрү;
  • 14:00дөн 19:00гө чейин — Алтын Ордо конушу (1, 2 жана Горький көчөлөрү).
28
Белгилер:
Бишкек, электр жарыгы
Тема боюнча
Бишкектин бир районунда 4 күнгө газ өчөт. Себеби
Улгайган аял. Архив

Пенсия менен жөлөк пул 6300 сомдон жогору болот. Президенттин талабы

117
(жаңыланган 18:10 21.10.2021)
Кыргызстанда 1,6 миллион адам жакырчылыкта жашаары аныкталган. Анын ичинен 73,7 пайызы айыл тургундары.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. 2023-жылдын 1-январынан тарта кыргызстандыктар пенсия, жөлөк пулду кеминде 6 382 сомдон алышы мүмкүн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык кеңешмеде сүйлөп жатып, президент "пенсия, пособиенин эң азы жашоо минимуму менен барабар болушу керек" деген талап койгонун айтты.

"Ошон үчүн биз киреше бөлүгүн көбөйтүшүбүз керек. Биринчи жардам жакыр жана өтө жакыр жашаган адамдардын жакшы жакка өнүгүүсүнө багытталат. Аймактагы жакыр жашаган адамдардын тагдыры, жетим-жесирлердин ыйы, элдин көз жашы ойлондурушу керек. Жакыр адамдар жылдан жылга азайып, орто жашагандардын катары калыңдап, орто класстагылар байларга кошулушу зарыл", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал 2021-жылдын башына карата Кыргызстан калкынын саны 6 637 000 болсо, анын ичинен 1,6 миллион адам жакырчылыкта жашаары аныкталган. Мунун 73,7 пайызы айыл тургундары, басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Нарын жана Баткен облустарында жашайт. Ал эми өтө жакыр жашагандар 59 166 адамды түзгөн.

Белгилей кетсек, жаңы кабыл алынган Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүмүндө "Пенсиялар, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш" деп жазылган. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери белгиленген. Демек, 2023-жылы жашоо минимуму канча деп белгиленсе, мамлекет жарандарга андан кем эмес пенсия, пособие берүүгө милдеттендирилет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, учурда жашоо минимумунун өлчөмү 6 382,69 сомду түзөт.

117
Белгилер:
Акылбек Жапаров, пенсия, пособие, жакырчылык
Тема боюнча
Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликтин колуна канча акча берерин тизмектеди
Бийлик жети миллионунчу кыргызстандык качан төрөлө турганын айтты
Акылбек Жапаров: айыл өкмөттөн келип мага акыл үйрөткөндү токтоткула
Аткаминерлер. Архив

Таштандыдан мүлккө чейин. Жапаров аткаминерлердин негизги милдетин атады

0
(жаңыланган 19:27 21.10.2021)
Мэрлер, акимдер жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары өз аймагындагы тазалык жана тартип үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жергиликтүү республикалык кеңешменин жүрүшүндө бийликтин жакынкы келечектеги артыкчылыктуу милдеттерин белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө мал-жандыкты сертификациялоо демилгесин эске салды. Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге сертификатталбаган бир дагы жүк жөнөтүлбөй турганын белгилеп, Айыл чарба министрлигине малды идентификациялоо процессин 2022-жылдын 2-кварталына чейин жыйынтыктоо тапшырмасын берди.

Ал эми мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүтүп, 2022-жылдын 1-кварталында анын жалпы наркын аныктоо зарылдыгын айтты.

Дагы бир маанилүү тапшырма – мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды жөнөкөйлөтүү, ал мүмкүн болушунча жалпыга ачык жана ыңгайлуу болушу керек. Бул процесс 2022-жылдын 1-январына чейин жыйынтыкталууга тийиш.

Ошондой эле Жапаров тазалыкты жана тартипти орнотуу керектигин да баса белгиледи.

"Бардык жерде таштандылар, желим баштыктардын калдыктары жатат. Башка өлкөлөрдө, мисалы, Сингапурда адамдар сагызын да жерге таштабайт, бардык көчөлөр таза, жашыл. Мэрлер, акимдер жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары аймакта, коомдук жайларда тартип үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Тартипке келтирүү, жашылдандыруу маселелери сиздердин компетенцияңыздарга кирет. Бул маселени чечүү үчүн жазды күтүүнүн кажети жок", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйынтыгында Жапаров парламенттик шайлоо учурунда административдик ресурсту колдонууга жол берилбестигин, тактап айтканда, үгүт иштерине мугалимдерди, медицина кызматкерлерин жана бюджеттик чөйрөнүн башка өкүлдөрүн тартпоону эске салды.

0
Белгилер:
Акылбек Жапаров, аткаминер, милдет, тапшырма
Тема боюнча
Туризмди өнүктүрүү үчүн укугу кеңири фонд түзүлүп, ага 1 млрд. сом бөлүнөт
Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликтин колуна канча акча берерин тизмектеди