Бишкектин тургундары аялдамада. Архив

Пенсионер, окуучулар үчүн жол кире канча болот? Расмий жооп

419
(жаңыланган 16:51 30.09.2021)
Бишкек шаарында мектеп окуучулары үчүн коомдук транспорттогу акы арзандабайт. Аларга эч кандай жеңилдик да каралган эмес.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин маалымат катчысы Мээрим Керимканова Sputnik Кыргызстан агенттигине пенсионер, окуучулар 1-ноябрдан тарта коомдук транспортко канча сомдон төлөп каларын түшүндүрдү.

Эске салсак, 1-ноябрдан тарта Бишкектеги коомдук транспорттордо жол кире кымбаттайт. Маршруткаларда баа 15 сом болсо, шаар тургундары автобус, троллейбустарга 11 сомдон төлөп калышат.

Мээрим Керимканова пенсионерлер үчүн маршруткаларда мурдагыдай 50 пайыз жеңилдик каралганын белгиледи.

"Эртең менен саат 8:00дөн кечки 21:00гө чейин маршруткалар пенсионерлерден 8 сом алат. Ал эми троллейбус, автобустарда шаардык пенсиялык күбөлүгү барлар акысыз жүрө алышат. Эгер андай күбөлүк болбосо, башка жүргүнчүлөр сыяктуу 11 сомдон төлөшөт", — деди Керимканова.

Ал эми окуучулар үчүн эч кандай жеңилдик каралган эмес. Маалымат катчы мурда да алар үчүн жеңилдик болбогонун белгилеп, мектеп окуучулары катардагылардай эле 15 сом төлөп жүрөрүн кошумчалады. Болгону жети жашка чейинки бөбөктөрдөн жол кире алынбайт. Эгер ата-эне коомдук транспортко эки баласы менен түшсө, бирөө үчүн бир адамдын акысын төлөй турганы белгиленди.

419
Белгилер:
Бишкек, коомдук транспорт, жол кире, акы, пенсионер, окуучу
Тема боюнча
Кадыр Атамбаев Бишкекте жол кире кымбаттаса сотко кайрыларын айтты
Лампочка. Архивдик сүрөт

Эртең Бишкектин 21 көчөсүндө электр энергиясы болбойт. Тизме

37
Адистер пландалган оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөрүн, электр кубаты кыска мөөнөткө өчөрүн кабарлашты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү, 18-октябрда, Бишкектин бир катар райондорунда электр энергиясы өчүрүлөрү күтүлүп жатат. Бул туурасында "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Бригадалар эл жашаган үйлөрдөгү тийиштүү тармактарды техникалык кароодон өткөрүп, зарылдыгы болгон жерлерде трансформаторлорду алмаштырары айтылды.

Төмөнкү сааттарда жана төмөнкү аймактарда электр кубаты өчүрүлөт:

  • 8:00 - 17:00 — Проскуряков көчөсүнүн тилкесинде;
  • 9:00 - 17:00 — Токтоналиев көчөсүндөгү № 54 үйдө;
  • 9:00 - 18:00 — Дэн Сяопин проспектинин, Месарош, 9-январь, Орозов, Жамгырчинов, Кайназарова көчөлөрүнүн, Гатчинск кууш көчөсүнүн тилкелеринде, Арча-Бешик ( Чатыр-Көл көч.), Ак-Босого ( Чүй 16-21, 31-34, 39-41, Түлөбердев көч.) конуштарында;
  • 9:30 - 12:00 — Ала-Тоо, Жукеев-Пудовкин, Медеров, Карасаев көчөлөрүнүн, Гвардия, Кокан, Вишнев  кууш көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 9:30 - 16:00 — 5-кичи райондо (№ 59-61, 63 үйлөр);
  • 9:30 - 17:00 — 3-кичи райондо (№ 25 үйдө);
  • 9:30 - 19:00 — Элебесов көчөсүнүн, Дорожный чолок көчөсүнүн тилкелеринде жана Кайыңды конушунда;
  • 14:00 -17:00 — "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында.
37
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, электр кубаты, өчүрүү
Тема боюнча
Жаан жаабайбы? Бир жумага карата аба ырайы
 Лев Толстой көчөсү. Архивдик сүрөт

Иш бүтө элек. Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү эртең да жабык болот

25
(жаңыланган 16:41 17.10.2021)
Жол бүгүн ачылышы керек болчу. Бирок мэрия автоунаалардын көптүгүнөн улам жолду жабуу көп убакытты талап кылганын жана иш дагы көп экенин айтты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү дагы бир күн жабык болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Муниципалитет буга чейин Лев Толстой көчөсүнүн 7-апрелден Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү 14-октябрдан 17-октябрга чейин жабыларын айткан. Көчөдөгү кыймыл жолдогу кемчиликтерди жоюу үчүн убактылуу токтотулган. 

Схема ремонта улицы Льва Толстого в Бишкеке
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Лев Толстой көчөсүндө болуп аткан оңдоо иштери
"14-октябрда автоунаалардын көптүгүнөн улам жолду жабуу узак убакытты талап кылган. Ошондой эле иштин көптүгүнөн жумуш бүтпөй жатат", — деп айтылат маалыматта.

Муниципалитет ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүндү.

Лев Толстой көчөсү 2020-жылдын октябрь айында реконструкцияланган. Бирок кепилдик мөөнөтү бүтө электигине байланыштуу подрядчы компания аны өз эсебинен кайра оңдоп берет.

25
Белгилер:
Бишкек, Лев Толстой көчөсү, көчө, жабуу, реконструкция
Тема боюнча
Бишкектин конуштарында курулуп жаткан объектилердин картасы пайда болду

Бетин катканына карабай ургулап. UFC турниринин эң кызыктуу учурлары видеодо

0
UFC Russia YouTube каналы уюмдун Лас-Вегаста өткөн соңку турниринин эң мыкты учурларын чыгарды. Мушкерлердин кечеси кечээ (Бишкек убактысы боюнча таңда) өттү.

Кеченин башкы беттешинде америкалык спортчу кыздар Аспен Лэдд менен бразилиялык Норма Дюмонт кезикти. Жыйынтыгында Дюмонт калыстардын чечими менен утту.

Кеченин дагы бир башкы беттешинде беларустук Андрей Орловский дагы бразилиялык Карлос Фелипти калыстардын чечими менен жеңди.

Ошондой эле башкы карддын алкагында Жим Миллер Эрик Гонсалести нокаутка кетирсе, Манон Фиоро Майру Буэно Сильваны калыстардын чечими менен, ал эми Нейт Ландвер Людовит Клейнаны колду кайруу ыкмасынын жардамы менен утту.

0
Белгилер:
Лас-Вегас, UFC, беттешүү, кармаш, турнир, видео
Тема боюнча
Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады