Садыр Жапаров эки кабаттуу үйүн ипотекалык компаниянын балансына өткөрдү. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров мурда үй-бүлөсү менен жашаган эки кабаттуу үйүн кайтарымсыз негизде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүп берди
Мамлекет башчы Садыр Жапаров мурда үй-бүлөсү менен жашаган эки кабаттуу үйүн кайтарымсыз негизде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүп берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Президент коррупция үчүн соттолгондордун конфискацияланган кыймылсыз мүлк, турак жайлары да Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына которула турганын билдирген.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров мурда үй-бүлөсү менен жашаган эки кабаттуу үйүн кайтарымсыз негизде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Жапаров турак жайынын документтерин Мамлекеттик ипотекалык компания башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөновага өзү тапшырып, үйүн көрсөткөн.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДом, переданный на баланс ОАО "Государственная ипотечная компания" на безвозмездной основе семьей президента Кыргызстана Садыра Жапарова
Мамлекет башчы Садыр Жапаров мурда үй-бүлөсү менен жашаган эки кабаттуу үйүн кайтарымсыз негизде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүп берди - Sputnik Кыргызстан
1/5
Мамлекет башчы Садыр Жапаров мурда үй-бүлөсү менен жашаган эки кабаттуу үйүн кайтарымсыз негизде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүп берди
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСемья президента Кыргызстана Садыра Жапарова передала на баланс ОАО "Государственная ипотечная компания" на безвозмездной основе жилой дом, в котором ранее проживал сам глава государства
Билдирмеге караганда, Жапаров турак жайынын документтерин Мамлекеттик ипотекалык компания башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөновага өзү тапшырып, үйүн көрсөткөн - Sputnik Кыргызстан
2/5
Билдирмеге караганда, Жапаров турак жайынын документтерин Мамлекеттик ипотекалык компания башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөновага өзү тапшырып, үйүн көрсөткөн
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДом, переданный на баланс ОАО "Государственная ипотечная компания" на безвозмездной основе семьей президента Кыргызстана Садыра Жапарова
Президент бул үйдү 2005-жылы эле сатып алышканын айтып, 2010-жылы башка жакка көчүп кеткендиктен, турак жай ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келгенин белгилеген - Sputnik Кыргызстан
3/5
Президент бул үйдү 2005-жылы эле сатып алышканын айтып, 2010-жылы башка жакка көчүп кеткендиктен, турак жай ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келгенин белгилеген
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДом, переданный на баланс ОАО "Государственная ипотечная компания" на безвозмездной основе семьей президента Кыргызстана Садыра Жапарова
Мамлекет башчы үйүн өлкөдө жеке турак жай рыногун жакшыртуу, компаниянын Менин үйүм — 2021-2026 мамлекеттик программасынын алкагында муктаждарды турак жай менен камсыздоосуна жардам берүү максатында бергенин белгилеген - Sputnik Кыргызстан
4/5
Мамлекет башчы үйүн өлкөдө жеке турак жай рыногун жакшыртуу, компаниянын "Менин үйүм — 2021-2026" мамлекеттик программасынын алкагында муктаждарды турак жай менен камсыздоосуна жардам берүү максатында бергенин белгилеген
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДом, переданный на баланс ОАО "Государственная ипотечная компания" на безвозмездной основе семьей президента Кыргызстана Садыра Жапарова
Президент Мамлекеттик ипотекалык компания бул үйдү аукционго койсо, андан түшкөн акчага жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программасынын алкагында 10 үй-бүлөнү батир менен камсыз кылууга мүмкүн болорун айткан. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Президент Мамлекеттик ипотекалык компания бул үйдү аукционго койсо, андан түшкөн акчага жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программасынын алкагында 10 үй-бүлөнү батир менен камсыз кылууга мүмкүн болорун айткан.
1/5
Мамлекет башчы Садыр Жапаров мурда үй-бүлөсү менен жашаган эки кабаттуу үйүн кайтарымсыз негизде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүп берди
2/5
Билдирмеге караганда, Жапаров турак жайынын документтерин Мамлекеттик ипотекалык компания башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөновага өзү тапшырып, үйүн көрсөткөн
3/5
Президент бул үйдү 2005-жылы эле сатып алышканын айтып, 2010-жылы башка жакка көчүп кеткендиктен, турак жай ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келгенин белгилеген
4/5
Мамлекет башчы үйүн өлкөдө жеке турак жай рыногун жакшыртуу, компаниянын "Менин үйүм — 2021-2026" мамлекеттик программасынын алкагында муктаждарды турак жай менен камсыздоосуна жардам берүү максатында бергенин белгилеген
5/5
Президент Мамлекеттик ипотекалык компания бул үйдү аукционго койсо, андан түшкөн акчага жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программасынын алкагында 10 үй-бүлөнү батир менен камсыз кылууга мүмкүн болорун айткан.

Президент бул үйдү 2005-жылы эле сатып алышканын айтып, 2010-жылы башка жакка көчүп кеткендиктен турак жай ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келгенин белгилеген.

Мамлекет башчы үйүн өлкөдө жеке турак жай рыногун жакшыртуу, компаниянын "Менин үйүм — 2021-2026" мамлекеттик программасынын алкагында муктаждарды турак жай менен камсыздоосуна жардам берүү максатында бергенин белгилеген.

"Муну менен биз колунда бар, мүмкүнчүлүгү жетиштүү кыргызстандыктарды чындап муктаж болгондорго жардам берүүгө чакыргыбыз келди. Көп адамдар үй сатып алуу үчүн чет өлкөгө иштегени кетип жатканы баарына маалым. Ошондуктан шарттарды жеңилдетип, бардык жарандар үчүн иштеген ишине карабастан жеткиликтүү кылуу максатында ипотекалык насыя берүү программасын өзгөртүү чечими кабыл алынды", — деген Жапаров.

Президент Мамлекеттик ипотекалык компания бул үйдү аукционго койсо, андан түшкөн акчага жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программасынын алкагында 10 үй-бүлөнү батир менен камсыз кылууга мүмкүн болорун айткан.

Батирдин коридору - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
4-8 пайыз менен. Сентябрдан тарта ишке аша турган мамлекеттик ипотеканын шарты
Жапаров жарандардан келип түшкөн акчалай же кыймылсыз мүлк түрүндөгү бардык жардамдар мамлекеттин көзөмөлүндө экенин айтып, коррупция үчүн соттолгондордун конфискацияланган кыймылсыз мүлк, турак жайлары да Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына которула турганын белгилеген.

Өз кезегинде Аида Төлөгөнова ипотекалык программага көрсөткөн колдоосу үчүн Жапаровдун үй-бүлөсүнө ыраазылык билдирген.

Белгилей кетсек, "Менин үйүм - 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрында ишке кирген. Жаңы турак жай программасына катышкан жарандар төмөнкү багыттар боюнча ипотекага ээ боло алышат:

  • Жеңилдетилген ипотека – 4 пайыз (мамлекеттик жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине);
  • Жеткиликтүү ипотека - 8 пайыз (жарандардын башка категориялары үчүн).
Жаңылыктар түрмөгү
0