Кишенделген аял. Архив

Ошто 37 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелген кыз бир айга камакка алынды

386
(жаңыланган 09:35 01.10.2021)
Ош шаардык соту кечээ, 29-сентябрда, шектүүнүн баш коргоо чарасын карап бир айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ош шаарында 37 жаштагы кишини бычак сайып өлтүрүүгө шектелген 22 жаштагы кыз бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 29-сентябрда, шектүүнүн баш коргоо чарасы шаардык сотто каралып чечим чыккан.

“Шектүү — 22 жаштагы С.Р. бир айга камакка алынып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №53 мекемесине которулду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, калаанын Касымбеков көчөсүндөгү кафенин алдында азиат тектүү, болжол менен 35-40 жаштагы Мирбек аттуу жарандын сол буту миздүү нерсе менен сайылып, кесилген жаракаты менен ооруканага келип түшкөнү айтылган. Ал жерге милициянын ыкчам тергөө тобу барган кезде анын каза болуп калгандыгы аныкталган.

Аталган факт Ош ШИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пунктундагы ("Ден соолукка оор зыян келтирүү") кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, жабырлануучунун кылмыш болгон убакта кийип турган кийимдерин далил катары алган.

386
Белгилер:
Ош шаары, кылмыш, адам өлтүрүү, шектүү, камак
Тема боюнча
Кафеде отурушкан. Ошто 22 жаштагы кыз 37 жаштагы кишинин өлүмүнө шектелүүдө
Лампочка. Иллюстративдик сүрөт

Ысык-Көлдө эртең электр кубаты өчө турган айылдар. Тизме

2
"Чыгыш электр" ачык акционердик коому аймактагы өчүрүүлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жасалып жаткандыгын билдирди.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Эртең, 28-октябрда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл райондорунун кээ бир айылдарында электр кубаты өчүрүлөт. Бул тууралуу "Чыгыш электр" ишканасынан билдирди.

Аймактар:

Жети-Өгүз району:

  • 09:00-17:00 - Ырдык, Конкино, Оргочор, Светлая поляна, Кызыл-Суу айылдары.

Тоң району:

  • 09:00-17:00 - Бөкөнбаев, Кара-Коо айылдары.

Ысык-Көл району:

  • 10:00-14:00 - Григорьевка, Кожояр айылдары.

"Чыгыш электр" ачык акционердик коому кардарлардан оңдоп-түзөөгө байланыштуу убактылуу келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сураган.

2
Белгилер:
Кыргызстан, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тоң, 'Чыгыш электр', электр кубаты
Тема боюнча
Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Бай киши. Иллюстративдик сүрөт

Акылбек Жапаров Кыргызстандагы бай менен кедейлердин санын айтты

33
(жаңыланган 15:38 27.10.2021)
Өкмөт бай жана жана орто жашаган 1,2 миллион салык төлөөчүнүн эсебинен 200 миң жакыр үй-бүлөнү багары айтылды.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Кыргызстанды өнүктүрүү саясаты тууралуу сурады. Учурда парламентте 2022-жылга карата Республикалык бюджеттин долбоору каралып жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүү саясаты так аныкталып бүткөнүн белгиледи.

"Кыргызстандын ченеми боюнча 200 миң бай үй-бүлө бар. Бир миллионго жакын орто катмар, 200 миң үй-бүлө кедей жашайт. Мындан кийин өкмөт колунда жоктогуларга түз жардам берет. 200 миңге жакын жакыр үй-бүлөнү, 200 миңдей майып жана жетим-жесирлерди багып алабыз. Ошондо өкмөт бир миллион элди багууну мойнуна алат. Калган орто катмар бирдиктүү салык, байлар өзүнчө тариф менен кымбатыраак төлөйт. Машиналарынын, үйлөрүнүн салыгын көбөйтөбүз. 1,2 миллион салык төлөөчү үй-бүлөнүн эсебинен 200 миң үй-бүлөнү тың багып алабыз", — деди Жапаров.

Аны менен катар ишкерлерге жеңилдетилген, пайызсыз насыялар берилип, машинаны от алдырып жүргүзгөндөн кийин салык сурай тургандай принцип сакталарын белгиледи.

Ошондой эле ал түрмөлөрдө жана ооруканалардагы шарттар да жакшыртыларын кошумчалады.

33
Белгилер:
Акылбек Жапаров, шайлоо, бюджет, бай, кедей
Тема боюнча
Жапаров: жаңы схема беш айда 746 млрд. сом көмүскөгө кетип жатканын аныктады
Пенсия менен жөлөк пул 6300 сомдон жогору болот. Президенттин талабы