Велосипед тээп бараткан киши жана бала. Архив

Атаны балдардын тарбиясына кантип аралаштырса болот? Педагогдун кеңеши

153
Адистин айтымында, баланын тарбиясын чоң жумуш катары кабыл алган ата-энелер жаңылышат. Ошондой эле бала үчүн бардык чечимдерди кабыл алуудан алыс болгон туура.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Атаны балдардын тарбиясына кантип тартуу керек жана эркек канткенде бул милдетти ойдогудай аткара алат? Бул тууралуу РИА Новости агенттигиндеги маегинде педагог жана 10 баланын атасы Анатолий Гин айтып берди.

Адистин пикиринде, көпчүлүк аялдар жаңы балалуу болгондо аны тарбиялоо эненин милдети деп ойлоп, атасын майда-чүйдөгө жолоткусу келбейт. Бирок балдар менен кошо жумуштары дагы көбөйгөндө көп нерсеге алы жетпей айласы кетет.

"Баланын тарбиясы боюнча ата менен эне алдын ала сүйлөшүп, милдеттерди бөлүшүп алса маселе чечилет. Ошол эле учурда баланын тарбиясына жаңыдан аралаша баштаган атада паника болбошу керек. Бала — бул жумуш эмес. Балдар — биздин жаныбызда жашаган эң жакын адамдарыбыз. Алардын тарбиясын оор жумушка айландырбай жөн гана жашоодон ырахат алыш керек", — деди Гин.

Ошондой эле ал баланын мектептеги жашоосуна дагы ата-эне баш-оту менен кирип албашы керектигин эскертет.

"Чоң маселе жаралып калбаса, башка учурда баланын жашоосуна толугу менен кирип алып, ар бир көйгөйүн чечкенге аракет кылбашыбыз керек. Начар баа, кыз үчүн жакалаша кетүү сыяктуу маселелерди бала өзү чечет. Мындай жол менен ал чоңдордун жашоосуна даярданат. Чечим кабыл алууда баланы көбүнесе жайына койгон жакшы", — деди педагог.

Сөзүнүн аягында ал балдардын тарбиясына гана эмес, үй-бүлөнүн ички турмушуна активдүү катышкысы келген эркек колу бошоп, мүмкүнчүлүгү болгон учурда ашканадагы жумуштарга аралашып койгону туура экенин айтат.

153
Белгилер:
бала, үй-бүлө, ата, тарбия
Тема боюнча
Психолог: баланы басынткан дагы, мактаган дагы туура эмес
Педиатр балага мектеп кийимин кантип тандоо керектигин айтып берди
Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун китептери. Архивдик сүрөт

Бишкекте Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет

4
Атактуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков тирүү болсо быйыл токсон жашка чыкмак. Ал он жыл мурда дүйнө салган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленерин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Эскерүү иш-чарасы 25-октябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Төлөгөн Касымбеков Аксы районунун Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто билимге ээ болгон соң эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп иштеген.

Касымбеков Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы аяктаган. 1960-жылы "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы болуп ишке кирет. Журналда иштеген 13 жыл ичинде башкы редакторлукка чейин жетет. Андан соң 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор болуп эмгектенген.

Кыргыз адабиятындагы салмактуу чыгармалардын бири, "Сынган кылыч" тарыхый романын 40 жашында жазган. Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулган роман 1980-жылы англис тилинде да чыккан.

Жазуучу 1990-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, легендарлуу парламенттин мүчөсү болгон. Эл өкүлү болуп турган кезде тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык парламенттик комиссиянын жетекчилигин аркалаган.

1986-жылы Кыргыз эл жазуучусу наамын алган, 2006-жылы мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, ошол эле жылы Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.

Төлөгөн Касымбеков 2011-жылы 17-июнда 80 жашында инсульт алып көз жумган.

4
Белгилер:
Төлөгөн Касымбеков, жазуучу, эскерүү
Тема боюнча
"Сынган кылыч", Төлөгөн Касымбеков — аудио китеп
Whatsapp логотиби. Архивдик сүрөт

Программист мессенжердеги жазышууну толугу менен кантип өчүрүү керектигин айтты

21
Адистин айтымында, мессенжерлер колдонуучулар тууралуу көп жеке маалыматтарга ээ жана анын баары серверде сакталат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Мессенжердеги маалыматты өчүрүү өтө кыйын, жазышууларды тазалагандан кийин дагы иштеп чыгуучунун серверинде калып калат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине "ИТ-Резерв" компаниясынын директору Павел Мясоедов айтып берди.

Анын айтымында, мессенжерлер колдонуучулар тууралуу көп жеке маалыматтарга ээ жана анын баары серверде сакталат. Ал түшүндүргөндөй, жазышууда система билдирүүнү алгач иштеп чыгуучунун инфраструктурасына жиберет, андан кийин гана маектешип жаткан кишиге жөнөтүлөт.

"Жазышууну уюлдук телефондон же башка жактан өчүрүүнүн пайдасы жок. Муну менен аны түп-тамырынан бери өчүрө албайбыз", — деди программист.

Адистин айтымында, маалыматтарды ортомчусуз алмашууга мүмкүн, ал үчүн атайын программаларды көчүрүү керек. Маселен, peer-to-peer протоколдору боюнча иштеген программалар бар.

21
Белгилер:
программист, жазышуу, өчүрүү
Тема боюнча
Facebook өзүнө таандык WhatsApp мессенджериндеги жазышууларды окуйт. Максаты
WhatsApp сүрөт менен видеону сапаттуу жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк түзөт