Мэрия балалуу аялды албай кеткен айдоочу менен маршруттук фирмага айып салды

© Sputnik / Рамиль СитдиковБалалуу аял. Архив
Балалуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Мэрия коомдук транспорт айдагандарды жүргүнчүлөргө сылык болууга, жол эрежелерин сактоого, салонун таза кармоого чакырат.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык автотранспорт башкармалыгынын агенттиги балалуу аялды салбай кеткен маршрутканын айдоочусу менен ал иштеген фирмага айып салынды. Бул туурасында Бишкек шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, "Совет бригады" маршруттук фирмасынын жетекчисине 13 миң сом, ал эми айдоочуга 11,5 миң сом айып пул салуу протоколу толтурулган. Ошондой эле тараптар чакыртылып окуянын чоо-жайы териштирилгени белгиленет.
Компаниянын жетекчилигине жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүү боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берген.
Бишкектеги маршрутка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Бишкек шаардык кеңеш коомдук транспорттогу жол киренин баасын көтөрдү
Мэрия коомдук транспорт айдагандарды жүргүнчүлөргө сылык болууга, жол эрежелерин сактоого, салонун таза кармоого чакырат. Бул талаптар аткарылбаса чара көрүүгө аргасыз болорун эскертти.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы маршруткалардын биринин айдоочусу коляскасы болгон үчүн балалуу аялды салбай жаткан видео тараган. Айдоочу ага коляска сала турган багажы бар маршруткага түшүүсүн айтып жатат. Ал эми аял эшикти улам тарткылап, түшүүгө аракет кылып жатканы тартылып калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0