Ош — Стамбул — Ош аба каттамы

Ош Стамбул Ош түз аба каттамы 8 жылдан кийин жанданды

212
(жаңыланган 13:34 01.10.2021)
Аба каттамдары дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Ал Pegasus авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырат.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Ош — Стамбул — Ош түз аба каттамы сегиз жылдан кийин жанданды. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

  • Турецкий самолет, рейса Ош — Стамбул — Ош во время торжественной встречи, в международном аэропорту Ош. 01 октября 2021 года
    Ош — Стамбул — Ош түз аба каттамы сегиз жылдан кийин жанданды
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Пассажиры рейса Ош — Стамбул — Ош во время торжественной встречи, в международном аэропорту Ош. 01 октября 2021 года
    Аталган каттамдын биринчи учагы бүгүн таңда жүргүнчүлөрү менен келип "Ош" эл аралык аэропортуна конгон
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Пассажиры рейса Ош — Стамбул — Ош во время торжественной встречи, в международном аэропорту Ош. 01 октября 2021 года
    Конокторду "Манас эл аралык аэропорту" ААКнын башкы директорунун инфраструктура жана региондук өнүктүрүү боюнча орун басары Абдималик Бусурманкулов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, "Ош" эл аралык аэропортунун кызматкерлери тосуп алышкан
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 3
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош — Стамбул — Ош түз аба каттамы сегиз жылдан кийин жанданды

Аталган каттамдын биринчи учагы бүгүн таңда жүргүнчүлөрү менен келип "Ош" эл аралык аэропортуна конгон. Конокторду "Манас эл аралык аэропорту" ААКнын башкы директорунун инфраструктура жана региондук өнүктүрүү боюнча орун басары Абдималик Бусурманкулов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, "Ош" эл аралык аэропортунун кызматкерлери тосуп алышкан.

Ош — Стамбул — Ош каттамы Түркиянын Pegasus авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Аба каттамдары дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат, учуу убактысы 5 саат 30 мүнөт.

212
Белгилер:
Ош, Стамбул, аба каттам, учуу, учак
Тема боюнча
Бишкектен Делиге авиакаттам үч жылдан кийин жанданды
Ош шаарынан Стамбулга түз учкан жаңы авиакаттам ачылды
Кол чатыр көтөрүп баратан жуп. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

709
23-октябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ишембиде республиканын тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +6…+11, Талас өрөөнүндө +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +9…+14, Ысык-Көлдө +2…+7, Нарында 0…+5 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +9…+11, Ош шаарында +11…+13 градусту көрсөтөт.

709
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күнгө чагылышкан алтын күз. Бишкектин көз талдырган видеосу
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив

Россиялыктар арасында бир апталык эс алууда Кыргызстанга келгиси келгендер бар

130
(жаңыланган 23:15 22.10.2021)
Россиядагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал оорлошуп кеткенине байланыштуу өлкө президенти Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин дем алыш жарыялаган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Россиянын саякаттоо сервиси боюнча анализ жүргүзгөн Туту.ру сайты алдыдагы бир апталык деп алышта жарандар кайсы мамлекеттерге көбүрөөк бара турганын жарыялады.

Россиянын жашоочулары 30-октябрдан тарта 7-ноябрга чейин барып келүүнү пландаган алдыңкы 10 мамлекеттин ичинде Кыргызстан дагы бар.

Россиялыктар барууну пландаган өлкөлөрдүн ондугу (эл аралык авиакаттамдарга билет алгандардын жалпы санынан пайыз менен бөлүп көрсөтүлөт):

  • Өзбекстан — 16,6 пайыз;
  • Армения — 14,1;
  • Түркия — 13,5;
  • Кыргызстан — 9,6;
  • Азербайжан — 6,6;
  • Молдова — 6,1;
  • Беларусь — 4,4;
  • Кипр — 3;
  • Казакстан — 2,8;
  • Египет — 1.

Эске салсак, Россиядагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал оорлошуп кеткенине байланыштуу өлкө президенти Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алуу жарыялаган. Ошондой эле ал абал жакшырбаса, дем алыштын мөөнөтү узартыларын кошумчалады.

130
Белгилер:
Россия, пандемия, эс алуу, билет, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиялыктар коронавирустан улам 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алмай болду
Москвада коронавирустан улам бир катар чектөөлөр кирди. Тизме
Голос долбоорунун сахнасы. Архив

Кыргызстандык "Голос" шоусуна катышып, Билан менен Агутинди таң калтырды

0
(жаңыланган 00:18 23.10.2021)
Бишкектик ырчы Адилет Жумабековду дароо үч насаатчы командасына алгысы келди. Ал долбоордогу чыгармасын апасына арнаган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Адилет Жумабеков Россиянын "Голос" шоусунун кийинки этабына өттү.

Бул шоуда насаатчылар аткаруучуларды артты карап алып угуп, жакса бурулушат. Адилет кесипкөй ырчы эмес экенин, бирок бир нече аспапта ойной турганын айткан.

"Апам төрт баланы жазгыз өстүрдү. Мен музыкалык окуу жайда окучумун, бирок финансылык кыйынчылыктан улам музыкант, ырчы болуп иштеп кеткем. "Голос" долбоору — менин көптөн берки кыялым", — деген Жумабеков.

30 жаштагы бишкектик ырчы долбоордо Boyz II Men — End of the road ырын аткарды. Ал ырдап жатканда Александр Градский, Леонид Агутин менен Дима Билан бурулуп караган. Залда отургандар да ага кол чаап, "Баракелде!" деген. 

Пелагея кыргызстандык ырчынын аткаруусуна таң берген, Агутин стилин жана тембрин баалаган, Билан дагы аны өз командасынан көргүсү келип жатканын билдирген. Натыйжада Жумабеков Биланды тандаган.

0
Белгилер:
Россия, 'Голос' долбоору, ырчы
Тема боюнча
Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт