АКШдан гашиш майын алдырды деген киши камакка алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлектрондук тамекилер (вейп). Архив
Электрондук тамекилер (вейп). Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Шектүү жаран АКШдан келген посылканы алып жаткан жеринен колго түшкөн. Экспертиза коробканын ичинде баңгизат болгонун тастыктаган.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Электрондук тамекиге (вейп) куюу үчүн гашиш майын аткезчилик менен алып кирүүгө шектелген кыргызстандык тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
31 жаштагы киши 15-сентябрь күнү АКШдан келген посылканы "Түндүк" бажыдан алып жаткан кезде кармалган. Коробканын ичинен суюктук куюлган ампулалар табылган. Кийин экспертиза бул гашиш майы экенин аныктаган.
© Фото / Пресс-служба МВД КР31 жаштагы киши 15-сентябрь күнү АКШдан келген посылканы "Түндүк" бажыдан алып жаткан кезде кармалган
Задержание контрабанды гашишного масла для электронных сигарет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
31 жаштагы киши 15-сентябрь күнү АКШдан келген посылканы "Түндүк" бажыдан алып жаткан кезде кармалган
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 270-беренеси ("Аткезчилик") менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Биринчи май райондук сотунун чечими менен шектүү №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.
© Фото / Пресс-служба МВД КРКоробканын ичинен суюктук куюлган ампулалар табылган. Кийин экспертиза бул гашиш майы экенин аныктаган.
Задержание контрабанды гашишного масла для электронных сигарет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Коробканын ичинен суюктук куюлган ампулалар табылган. Кийин экспертиза бул гашиш майы экенин аныктаган.
Укук сакчылары тергөө амалдарын улантууда жана товарды АКШдан жибергендерди аныктоо боюнча иштер аткарылып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0