Бриллиант, изумруд жана алтын тоюн белгиленген жубайлардын майрамдык салтанаты

60 жыл бирге түтүн булаткан жубайлар. Бакыт өргөөсүндөгү өзгөчө майрам. Сүрөт

677
(жаңыланган 15:16 01.10.2021)
Иш-чаранын максаты салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу жана үй-бүлө институтун бекемдөө болуп саналат.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкектеги Бакыт өргөөсүндө "бриллиант", "изумруд" жана "алтын" тоюн белгилеген жубайлардын майрамдык салтанаты өттү. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аталган иш-чаралар 29-сентябрдан 1-октябрга чейин болду. Анын максаты — улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына коомчулуктун көңүлүн буруу, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу жана үй-бүлө институтун бекемдөө болуп саналат.

  • Праздничное чествование супружеских пар, отмечающих юбилейную свадьбу во Дворце бракосочетания в Бишкеке. 01 октября 2021 года
    Бишкектеги Бакыт өргөөсүндө бриллиант, изумруд жана алтын тоюн белгиленген жубайлардын майрамдык салтанаты өттү
    © Фото / пресс-служба МЦР КР
  • Праздничное чествование супружеских пар, отмечающих юбилейную свадьбу во Дворце бракосочетания в Бишкеке. 01 октября 2021 года
    Аталган иш-чаралар 29-сентябрдан 1-октябрга чейин болду. Анын максаты — улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына коомчулуктун көңүлүн буруу, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу жана үй-бүлө институтун бекемдөө болуп саналат
    © Фото / пресс-служба МЦР КР
  • Праздничное чествование супружеских пар, отмечающих юбилейную свадьбу во Дворце бракосочетания в Бишкеке. 01 октября 2021 года
    Ардактуу маараке китебине бриллант тоюн (баш кошконуна 60 жыл) белгилеп жаткан алты жубай, изумруддук (55 жыл) маарекесине жеткен 13 жана алтын тоюн (50 жыл) өткөргөн 28 жубай кол койгон
    © Фото / пресс-служба МЦР КР
  • Праздничное чествование супружеских пар, отмечающих юбилейную свадьбу во Дворце бракосочетания в Бишкеке. 01 октября 2021 года
    Маараке Свердлов райондук балдар чыгармачыл борборунун концерттик программасы менен коштолуп, жубайлардын вальс бийи менен аяктады
    © Фото / пресс-служба МЦР КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба МЦР КР
Бишкектеги Бакыт өргөөсүндө бриллиант, изумруд жана алтын тоюн белгиленген жубайлардын майрамдык салтанаты өттү

Ардактуу маараке китебине "бриллант" тоюн (баш кошконуна 60 жыл) белгилеп жаткан алты жубай, "изумруд" (55 жыл) мааракесине жеткен 13 жана "алтын" тоюн (50 жыл) өткөргөн 28 жубай кол койгон.

Маараке Свердлов райондук балдар чыгармачыл борборунун концерттик программасы менен коштолуп, жубайлардын вальс бийи менен аяктады.

Иш-чараны Бишкектин Ленин, Свердлов, Биринчи май райондук администрациялары бергелишип Улгайгандардын эл аралык күнүнө карата уюштурган.

677
Белгилер:
Бишкек, бакыт үйү, улгайган адам, жубайлар, майрам, той
Тема боюнча
Камкордукка алынууга толук акылуу. Жапаров улгайгандарды майрамы менен куттуктады
Японияда улгайгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти
Санарип коомчулук 2021 конференциясын банери

Huawei компаниясынын конференциясында санариптик тренддер талкууланат

3
(жаңыланган 21:20 21.10.2021)
Huawei ишканасынын өкүлдөрү "Келечектеги бирдиктүү санарип коомчулук" деп аталган өнүктүрүү стратегиясынын пландары менен бөлүшөт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Huawei компаниясы 26-27-октябрда жыл сайын болуучу экинчи "Санарип коомчулук 2021" конференциясын (Huawei Digital Community Conference 2021, HDCC) өткөрөт. Бул тууралуу компаниядан билдирди.

Huawei ишканасынын өкүлдөрү Россияда коопсуз жана көз карандысыз экосистема тармагын куруу процессине катышуунун алкагында "Келечектеги бирдиктүү санарип коомчулук" деп аталган өнүктүрүү стратегиясынын пландары менен бөлүшөт.

"Конференция – бул кардарларга жана өнөктөштөргө санарип трансформациясына байланыштуу өзгөрүүлөргө байкоо салууга жардам бере турган ачык платформа. Ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык экосистеманы өнүктүрүүнү тездетүү үчүн биргеликте иштөө жана тажрыйба алмашуу каралган. Жарандар онлайн режиминде пленардык сессияны жана форумду көрө алышат жана санарип жаатындагы маселелерди эксперттер менен талкуулоого шарт түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Конференцияга катышуучуларына дүйнөдө жана Россияда маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүп жаткан тренддери менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле санарип энергетика, "булут" технологиялары жана уюлдук экосистема боюнча маалымат берилет.

Президент Huawei в Евразии Дэниел Чжоу
© Фото / пресс-служба Huawei / ARSEN GALSTYAN
Huawei компаниясынын Евразиядагы президенти Дэниела Чжоу
"Маалыматтык технология жаатындагы алдыңкы эксперттер менен биргеликте биз ар кандай тармактагы санариптик бизнес-моделдерди колдонуунун практикалык кейстерин изилдейбиз жана санарип технологиялар доорунда бизнести өнүктүрүү үчүн соңку чечимдерди ортого салабыз", — деди Huawei компаниясынын Евразиядагы президенти Дэниела Чжоу.

Иш-чарада маалыматтык-коммуникациялык технология индустриясынын ар кандай аспектилерин талкуулоо үчүн алты темада форум уюштурулат.

Катышуучулар үчүн виртуалдуу көргөзмө зонасы жеткиликтүү болот. Ал жактан Huawei компаниясы өзүнүн ийгиликтүү кардарлары менен өнөктөштөрүнө өнөр жайды санариптештирүү үчүн жасап берген продукциялары көрсөтүлөт. Ошондой эле Huawei эксперттери менен реалдуу убакыт режиминде сүйлөшүүгө шарт түзүлмөкчү.

3
Белгилер:
Huawei, конференция, эксперт, санарип
Тема боюнча
Бишкектин борбордук бөлүгүндө акысыз Wi-Fi зона иштей баштады
Кыргызстанда Илон Масктын Starlink компаниясынын өкүлчүлүгү ачылышы мүмкүн
Аял кол чатыр менен кар жаган учурда. Архив

Жума күнгө карата аба ырайы

9
22-октябрда аба ырайы кескин өзгөрүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаап, жолдорго муз тоңот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +1…+6, Таласта 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +4…+9, Нарын өрөөнүндө 0…+5 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +2…+4, Ош шаарында +6…+8 градусту көрсөтөт.

9
Белгилер:
аба ырайы, октябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Ноябрь айында аба ырайы кандай болот. Синоптиктердин божомолу