Бишкектеги жол белгилери Жол оңдоо жана Айланма жол. Архив

Бишкекте 6-октябрда Логвиненко көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

29
Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү Кайгуул милициясынын башкармалыгы жана Бишкектин ИИББи менен макулдашылгандыгы айтылды.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Борбор калаада 6-октябрда Логвиненко көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз Темир Жолу" компаниясынын маалымат кызматынан кабарлады.

Бул күнү саат 22:00дөн 08:00гө чейин жолду асфальттоо жана темир жол өтмөгүндөгү (3780-чакырымындагы) плиталарды алууну пландап жатышат.

6-октябрда темир жолдун көзөмөлгө алынган №1 өтмөгүндөгү (3780-чакырымында) жол жабык болот.

Бул иштерди жүргүзүү Кайгуул милициясынын башкармалыгы жана Бишкектин ИИББи менен макулдашылгандыгы айтылды.

29
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, темир жол, оңдоп-түзөө иштери
Тема боюнча
165 млн. бөлүнгөн. Марипов Төө-Ашуудагы жолдун оңдолуп жатканын көрдү. Сүрөт
Кол чатыр көтөрүп баратан жуп. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

746
23-октябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ишембиде республиканын тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +6…+11, Талас өрөөнүндө +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +9…+14, Ысык-Көлдө +2…+7, Нарында 0…+5 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +9…+11, Ош шаарында +11…+13 градусту көрсөтөт.

746
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күнгө чагылышкан алтын күз. Бишкектин көз талдырган видеосу
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив

Россиялыктар арасында бир апталык эс алууда Кыргызстанга келгиси келгендер бар

132
(жаңыланган 23:15 22.10.2021)
Россиядагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал оорлошуп кеткенине байланыштуу өлкө президенти Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин дем алыш жарыялаган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Россиянын саякаттоо сервиси боюнча анализ жүргүзгөн Туту.ру сайты алдыдагы бир апталык деп алышта жарандар кайсы мамлекеттерге көбүрөөк бара турганын жарыялады.

Россиянын жашоочулары 30-октябрдан тарта 7-ноябрга чейин барып келүүнү пландаган алдыңкы 10 мамлекеттин ичинде Кыргызстан дагы бар.

Россиялыктар барууну пландаган өлкөлөрдүн ондугу (эл аралык авиакаттамдарга билет алгандардын жалпы санынан пайыз менен бөлүп көрсөтүлөт):

  • Өзбекстан — 16,6 пайыз;
  • Армения — 14,1;
  • Түркия — 13,5;
  • Кыргызстан — 9,6;
  • Азербайжан — 6,6;
  • Молдова — 6,1;
  • Беларусь — 4,4;
  • Кипр — 3;
  • Казакстан — 2,8;
  • Египет — 1.

Эске салсак, Россиядагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал оорлошуп кеткенине байланыштуу өлкө президенти Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алуу жарыялаган. Ошондой эле ал абал жакшырбаса, дем алыштын мөөнөтү узартыларын кошумчалады.

132
Белгилер:
Россия, пандемия, эс алуу, билет, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиялыктар коронавирустан улам 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алмай болду
Москвада коронавирустан улам бир катар чектөөлөр кирди. Тизме
Стамбул шаары, Түркия. Архив

Кыргызстандык жаш режиссёрдун тасмасы эл аралык фестивалда 3-орунга татыды

0
Фестивалга Түркиядан тышкары Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Венгрия, Азербайжан, Македония жана Түндүк Кипрдин таланттары катышкан.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык жаш режиссёр Айкөл Нурланбек уулунун "Мээрман" тасмасы Стамбул шаарында "Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалары" фестивалында үчүнчү орунга татыды. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлады.

"Буга чейин менин фильмим Кыргызстанда эки фестивалга катышып, бирөөсүндө баш байгени жеңип, экинчисинде "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" болгон. Эми эл аралык сынакта үчүнчү орунду алды. Эгер мен тарткан тасма байгелүү орунга татыса, ушул багытка көңүл коюп, болгон күчүмдү жумшайм деп сөз бергем. Азыр абдан кубанып турам", — деди Нурланбек уулу.

Даректүү тасмалар фестивалы ушуну менен алтынчы жолу уюштурулуп, быйыл "Түрк маданияты жана дүйнөгө түрк көз карашы" деген ураан менен өткөрүлдү.

Фестивалга Түркиядан тышкары Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Венгрия, Азербайжан, Македония жана Түндүк Кипрдин таланттары катышкан.

0
Белгилер:
Түркия, тасма, фестиваль, байге, Айкөл Нурланбек уулу
Тема боюнча
Кыргызстандан барган тасма Алматыда "Мыкты фильм" аталды. Видео
Сиз көрдүңүз беле? XXI кылымдагы эң мыкты 100 сериал тизмектелди
Бекболотов: 2,5 жылда миңге жакын эски фильм санариптештирилет