Бишкекте кар учурунда аял. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

1064
(жаңыланган 23:07 01.10.2021)
2-октябрда күндүз республикада аба ырайы өзгөрүлмөлүү болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Ишембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +5…+10, Талас өрөөнүндө +4…+9, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмүндө +7…+12, Нарын жеринде +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +12…+17 градус болот.

Борбор калаа Бишкекте термометр +8…+10, Ош шаарында +15…+17 градусту көрсөтөрүн айтышты.

1064
Белгилер:
аба ырайы, октябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Жылуу эле болобу? Октябрь айына карата аба ырайы
Ноокат райондук администрациясынын башчысы Данир Иманалиев

Иманалиев: акимдердин аймакта "хан" болуусуна бир норма жол бербейт

4
Ноокат райондук администрациясынын башчысы Данир Иманалиев акимдердин аймактарда "хан" болуусуна "жаран өзү туулуп өскөн аймакта аким боло албайт" деген норма жол бербей турганын белгиледи.

Акимдердин ыйгарым укуктарынын кеңейиши — бул чоң жоопкерчилик. Аны эбегейсиз бийлик катары баалоонун өзү жаңылыштык. Мындай пикирин Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Иманалиев: акимдердин аймакта "хан" болуусуна бир норма жол бербейт

Анын айтымында, эми акимдерден кемчилик кетсе түз эле сөз министрлер кабинетинин төрагасына жана президентке тиет.

"Райондук администрациясынын жетекчиси аймактарда "хан" болуп алат дегенге макул эмесмин. Биринчиден, мыйзамда жаран өзү туулуп өскөн аймакта жетекчилик кызматты аркалай албай турганы жазылган. Бул фундаменталдуу нерсе. Анткени ротация менен башка аймакка барып алып түшпөс жетекчи болууга эч кандай негиз жок. Акимдердин эң негизги максаты — президенттин саясатын жер-жерлерге жеткирип, аймакты өнүктүрүү боюнча милдеттерди аткаруу. Экинчиден, акимдердин ыйгарым укуктарынын кеңейишинин аркасында чоң жоопкерчилик бар. Себеби мындан ары акимдер, жергиликтүү жетекчилер кемчилик кетирсе түз министрлер кабинетинин төрагасына жана президентке сөз тиет. Анын үстүнө бүгүнкү күнү коомчулук кандайдыр бир жеке кызыкчылыктарды ишке ашырууга жол бербейт. Ошондой эле мыйзамда акимдерди иштен алуу механизми так көрсөтүлгөн. Эгерде алар социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү, мыйзамдарды аткарбаса, ишенимден кетсе иштен алынат", — деди Иманалиев.

Ошондой эле ал мыйзам бийлик вертикалынын бекемдей турганын кошумчалады.

4
Белгилер:
Данир Иманалиев, аким, мыйзамдар, аймактар
Тема боюнча
Жапаров мэр, акимдерди өзү дайындамай болду, акимдин укуругу узарды. Жаңы мыйзам
Бокс боюнча Азия чемпиону Азат Үсөналиев

Үсөналиев: Париж Олимпиадасына катышууга болгон күчүмдү жумшайм

8
Бокс боюнча Азия чемпиону Азат Үсөналиев 2024-жылы Парижде өтө турган XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына катышууга үмүтү чоң экендигин айтты.

Бокс боюнча Токио Олимпиадасына тандап алуунун эрежеси пандемияга байланыштуу өзгөрүп, тиешелүү упай жетпей ири турнирге катыша албай калдым. Бул тууралуу Азат Үсөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде айтып берди.

Үсөналиев: Париж Олимпиадасына катышууга болгон күчүмдү жумшайм

Ал тажрыйбаны арттыруу максатында окуу-машыгуулардын санын көбөйтүп жана сапатын жакшыртуу зарыл экенин белгилеген.

"Буга чейинки тажрыйбамды колдонуп, дагы бир олимпиадалык циклде күчүмдү сыноону чечтим. Негизи Олимпиадага катышуу үчүн боксто эки квалификациялык мелдеш бар. Тилекке каршы, мен бирөөнө катышып, экинчисине барарда пандемияга байланыштуу упай менен эсептөө эрежесин киргизишти. 2017-жылы дүйнө чемпионатына катыша албай калганым үчүн беш упай жетпей Токио Олимпиадасынан кол жууп калдым. Эгерде биринчиликке катышканымда 15 упай берилмек. Менин ордума филиппиндик боксчу катышып, Токиодо экинчи орунду камсыз кылды. Эми келе жаткан Париж Олимпиадасына жакшы даярданып, лицензия алам деп ишенип турам", — деди Үсөналиев.

Ошондой эле спортчу боксту өнүктүрүү үчүн аймактарда бокс залдарын ачып, жаш таланттарга көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

8
Белгилер:
Азат Үсөналиев, спорт, бокс, олимпиада, Париж
Тема боюнча
Чемпионго 100 миң доллар! Дүйнө чемпионатына барчу КР боксчулары аныкталды
 Исполняющий обязанности Президента, Премьер-министр Кыргызской Республики Садыр Жапаров во время встречи с генеральным секретарем ССТГ Амреевым

Садыр Жапаров администрациясында Кырдаалдык борбор түздү

0
Жаңы борбордун аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатында да иш алып бара турганы айтылды.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Президенттин жана министрлер кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү боюнча президенттик администрациянын Кырдаалдык борбору түзүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Бул түзүм боюнча Жапаров атайын жарлык чыгарган.

"Ага ылайык, президенттин жана министрлер кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү, ошондой эле аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатында президенттик администрациянын Кырдаалдык борборун түзүүгө токтом кылат", — деп айтылган маалыматта.

Буга чейин президенттик администрацияда кадрдык дайындоолор болуп, төрт башкармалыкка жетекчи дайындалган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, жарлык