Кыргызстан төртүнчү революцияны көтөрө албайт. Шайлоодон кийинки болжолдор

© Sputnik / Акылбек БатырбековОктябрь окуяларынын катушуучулары. Архив
Октябрь окуяларынын катушуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Эксперттин пикиринде, Кыргызстанда жагымсыз шайлоо өтүүдө, бул тышкы факторлорго да, ички факторлорго да байланыштуу.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Коопсуздук жаатындагы адис Таалайбек Жумадылов Кыргызстандагы парламенттик шайлоо алдындагы коомдук-саясий абалга талдоо жүргүздү. Ал "Кыргызстандагы парламенттик шайлоо алдында саясий процесске тышкы факторлордун таасири" аталыштагы тегерек столдо сүйлөдү.
Иш-чараны КРдин "Альфа" атайын бөлүгүнүн ардагерлеринин эл аралык ассоциациясы менен "Пикир" регионалдык эксперттердин клубу биргеликте уюштурушкан.
Адистин айтымында, Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү элди бириктирүүнүн фактору эмес, тескерисинче, бөлүнүүгө алып келген көрүнүш болгонун практика көрсөтүүдө.
"Жетекчинин күн тартибинде элди бириктирүү маселеси турушу керек. Консолидация элди бириктире турган жалпы идеянын негизинде жүрүшү зарыл. Кыргызстанда шайлоодон кийин көбүнесе эскалация болот. Өлкө төртүнчү революцияны көтөрө албайт. Мен, албетте, мындай болушун каалабайм", — деген ал.
Эксперттин айтымында, жазылбаган эреже боюнча өлкө шайлоого качан даяр болгондо гана аны өткөрүү керек.
Карта Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
36 депутат кантип шайланат? Бир округга бириктирилген айыл, райондордун тизмеси
"Эгерде шайлоо чыңалууну басаңдатуучу фактор болсун десек, анда ал үчүн жагымдуу шарттар зарыл. Өлкөнүн ички жана сырткы абалына карата жүргүзүлгөн анализ Кыргызстан учурда шайлоо өткөрүү үчүн жагымсыз шартка туш болгонун көрсөтөт. Бул тышкы факторлор — Афганистандагы окуялар, коронавирус пандемиясынын кесепеттери, глобалдык коопсуздуктун жаңы тартибинин калыптанышы жана ички факторлор", — деп түшүндүрдү эксперт.
Жумадылов ички социалдык-экономикалык кырдаал тууралуу кеп салып, азык-түлүк коопсуздугу, тамак-аш азыктардын жана күйүүчү майдын бааларынын өсүшү, энергетикага байланышкан абал тууралуу маселелерди көтөрдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0