Лампочка. Архив

Электр энергиясынын жаңы тарифи бекитилди. Тизме

1483
(жаңыланган 18:38 01.10.2021)
Жылуулук, ысык суу үчүн тарифтер быйыл өзгөрбөй турганы айтылды. Бирок кийинки жылдан тарта кымбатташы күтүлүүдө.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. 2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилгенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 2021-жылы тарифтер мурдагы бойдон калат дагы, 2022-жылдын июнь айынан тарта кымбаттайт.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Кабыл алынган орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, айрымдар электр энергиясы үчүн жогорулатылган баада акы төлөп калат.

Бул категорияга киргендердин тизмеси:

  • насостук станциялар бир киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1,09 сомдон төлөйт. Мында баа 31,6 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда);
  • бюджеттик, өнөр-жай, айыл чарба жана башка керектөөчүлөр бир киловатт-саат электр энергиясы үчүн 2,52 сомдон төлөйт. Мында баа 28 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда);
  • жогорулатуучу коэффициенттер коммерциялык түзүмдөрдүн энергияны көп талап кылган керектөөчүлөрүнө (майнинг субъектилери, алтын өндүрүүчү компаниялар, куюу цехтери, алкоголдук өндүрүш, цемент заводдору) колдонулат.

Кийинки жылдары тарифтердин өзгөрүүсү инфляциянын деңгээлин эске алуу менен ишке ашырыла турганы белгиленди.

"Алынган каражаттар жабдууларды жаңыртууга, трансформатордук көмөк чордондорду орнотууга, электр линияларын курууга жана генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга жумшалат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл калк үчүн электр энергиясынын тарифи өзгөртүүсүз калтырылган.

Ошондо бир киловатт-саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан ашса 2,16 сомдон эсептелет. Ал эми бийик тоолуу аймактарда жашаган калк үчүн 700 киловаттык чек алып салынган. Эми алар 77 тыйындык тариф менен гана пайдаланышат. Бирок 2022-жылдын июнь айынан тарта тариф болжол менен 7-10 пайызга жогорулай турганы маалым болду.

Жылуулук үчүн тариф быйыл өзгөрбөй турганы айтылды. Кийинки жылытуу мезгилинен тарта калк үчүн тарифтер 10 пайызга көбөйүшү күтүлүүдө (орточо эсеп менен 1 бөлмөлүү батирди жылытуу үчүн төлөмдүн айырмасы айына болжол менен 82 сомду же жылытуу мезгилине 410 сомду түзөт).

2021-жылы калк үчүн ысык сууга болгон тариф да ушул бойдон кала турган болду. Кийинки жылдан тарта тариф 14 пайызга жогорулай турганы кошумчаланды.

1483
Белгилер:
Кыргызстан, электр энергиясы, жылуулук, тариф
Тема боюнча
Министр: Тажикстан электр энергиясын сунуштады, бүгүн ала баштадык
Быйыл көмүрдүн баасы кандай болот? Кара алтындын наркына сереп
Ооруканадагы турган капельница. Архив

"Империя пиццы" кафесинен уулангандардын саны 179га жетти

16
(жаңыланган 11:45 26.10.2021)
Тамакка ууланып кайрылгандардын ичинен 18и балдар экени айтылды. Алардын 12си учурда ооруканада.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкектеги кафеден ролл жеп ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 179га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалымат бүгүн, 26-октябрь, саат 11:00гө карата алынган. Билдирмеге караганда, статистикага Чүй облусу да кошулган. Тамакка ууланып кайрылган 179 адамдын 18и балдар.

Ууланып ооруканада дарыланып жаткандар:

  • Темир жол ооруканасы — 13;
  • 3-шаардык клиникалык балдар ооруканасы — 12;
  • Улуттук госпиталь — 24;
  • Ысык-Атадагы жалпы дарыгердик практика борбору — 1.

Калганы медициналык жардам алган соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Эске салсак, 24-октябрда "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган.

16
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, тамак, уулануу, суши
Тема:
Бишкектин кафесиндеги массалык уулануу
Тема боюнча
Санэпидкөзөмөл борбору өлкөдөгү тамак-аш сатуучу жайларды текшере баштайт
"Империя пиццы" кафесинин бардык филиалдары убактылуу жабылды
Кишенчен аял. Иллюстративдик сүрөт

Милиция блогер Гүлзат Мамытбекти 110 миң доллар алган деп кармады

74
(жаңыланган 10:53 26.10.2021)
Арыз жазгандардын айтымында, блогер кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткен.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Гүлзат Мамытбек деп таанылган блогер Гүлзат Алымкулова кармалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адам билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Биринчи май РИИБге жети киши Мамытбекти алдамчылыкка айыптап кайрылган. Алардын айтымында, блогер кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткен. Жалпы 110 миң доллар зыян келтирилгени маалым болду.

Аталган факт Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Шектүү былтыр февраль айында Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болгон. Июнда ага кылмышка шектелип жатканы боюнча кабар берилген жана сыртынан баш коргоо чарасы тандалып, борбордогу №1 тергөө абагына киргизилмек.

Бирок августта Мамытбекке карата тергөө токтотулган, бул ага издөө жарыяланышы менен байланыштуу болгон.

Кечээ, 25-октябрда, шектүү Кыргызстанга келери менен Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө уланууда.

74
Белгилер:
блогер, алдамчылык, милиция, кармоо, Гүлзат Мамытбек
Тема боюнча
Кара-Кулжада өзбекстандыктарга жасалма паспорт берип жүргөн адис кармалды
Таанышканына эки күн болгон. Чүйдө кыз ала качты деп төрт киши кармалды
Аткаминер. Архив

Пара менен кармалган Ырайым кылуу комиссиясынын катчысы Апенов иштен алынды

15
(жаңыланган 11:48 26.10.2021)
УКМК Апенов соттолгон адамды ырайым кылына тургандардын тизмесине киргизүү үчүн 170 миң сом талап кылганын билдирген.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. УКМК акча талап кылды деп кармаган Таалайбек Апенов президенттин администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Документке президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эске салсак, Апеновду улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет акча алып жатканда кармаган.

УКМК ал соттолгон адамды ырайым кылына тургандардын тизмесине киргизем деп 170 миң сом талап кылганын билдирген.

Жапаров бул туурасында жакында өткөн маалымат жыйын учурунда да кеп кылган. Ага пара алуу боюнча маалыматтар түшүп жатканын айтып эскерткенин, Апенов муну танганын, бирок көп өтпөй тартип коргоочулардын колуна түшкөндүгүн айткан.

15
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, ырайым берүү, пара алуу, Таалайбек Апенов
Тема боюнча
Октябрь РИИБдин жетекчиси көп балалуу аялдан акча талап кылган деп кармалды
Нарын шаарына 31 жаштагы Арслан Сталбек уулу мэр болду