Бишкектеги Белоруссиянын элчилиги курчоого алынды

Беларустун Бишкектеги элчилиги курчоого алынды. Видео

395
(жаңыланган 19:09 01.10.2021)
Милиция эмне болуп жатканын азырынча кабарлай элек. Жеринде сапёрлор дагы иштеп жатышы мүмкүн экени айтылды.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкекте Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин имараты курчоого алынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Элчиликте милиция жана УКМК кызматкерлери жүрөт. Сапёрлор дагы болушу мүмкүн.

  • Сотрудники милиции во время оцепления посольства Беларуси в Бишкеке. 01 октября 2021 года
    Бишкектеги Белоруссиянын элчилиги курчоого алынды
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Сотрудники милиции во время оцепления посольства Беларуси в Бишкеке. 01 октября 2021 года
    Бишкектеги Белоруссиянын элчилиги курчоого алынды
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Оцепленный участок у посольства Беларуси в Бишкеке. 01 октября 2021 года
    Бишкектеги Белоруссиянын элчилиги курчоого алынды
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Сотрудники милиции во время оцепления посольства Беларуси в Бишкеке. 01 октября 2021 года
    Бишкектеги Белоруссиянын элчилиги курчоого алынды
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Сотрудники милиции во время оцепления посольства Беларуси в Бишкеке. 01 октября 2021 года
    Бишкектеги Белоруссиянын элчилиги курчоого алынды
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 5
© Sputnik / Эркин Садыков
Бишкектеги Белоруссиянын элчилиги курчоого алынды

Азырынча расмий маалымат бериле элек. Ички иштер башкармалыгы кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Элчилик телефон чалууларга жооп бербей жатат.

395
Белгилер:
Бишкек, Беларусь, элчилик
Тема боюнча
ЦУМ менен ГУМда бомба бар деп кабарлоого шектелген аял камакка алынды
Бокс боюнча Азия чемпиону Азат Үсөналиев

Үсөналиев: Париж Олимпиадасына катышууга болгон күчүмдү жумшайм

6
Бокс боюнча Азия чемпиону Азат Үсөналиев 2024-жылы Парижде өтө турган XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына катышууга үмүтү чоң экендигин айтты.

Бокс боюнча Токио Олимпиадасына тандап алуунун эрежеси пандемияга байланыштуу өзгөрүп, тиешелүү упай жетпей ири турнирге катыша албай калдым. Бул тууралуу Азат Үсөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде айтып берди.

Үсөналиев: Париж Олимпиадасына катышууга болгон күчүмдү жумшайм

Ал тажрыйбаны арттыруу максатында окуу-машыгуулардын санын көбөйтүп жана сапатын жакшыртуу зарыл экенин белгилеген.

"Буга чейинки тажрыйбамды колдонуп, дагы бир олимпиадалык циклде күчүмдү сыноону чечтим. Негизи Олимпиадага катышуу үчүн боксто эки квалификациялык мелдеш бар. Тилекке каршы, мен бирөөнө катышып, экинчисине барарда пандемияга байланыштуу упай менен эсептөө эрежесин киргизишти. 2017-жылы дүйнө чемпионатына катыша албай калганым үчүн беш упай жетпей Токио Олимпиадасынан кол жууп калдым. Эгерде биринчиликке катышканымда 15 упай берилмек. Менин ордума филиппиндик боксчу катышып, Токиодо экинчи орунду камсыз кылды. Эми келе жаткан Париж Олимпиадасына жакшы даярданып, лицензия алам деп ишенип турам", — деди Үсөналиев.

Ошондой эле спортчу боксту өнүктүрүү үчүн аймактарда бокс залдарын ачып, жаш таланттарга көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

6
Белгилер:
Азат Үсөналиев, спорт, бокс, олимпиада, Париж
Тема боюнча
Чемпионго 100 миң доллар! Дүйнө чемпионатына барчу КР боксчулары аныкталды
Медик ооруканада. Архив

Роспотребнадзор: "дельта" штаммынын жаңы варианты өтө кооптуу деп айтууга эрте

4
(жаңыланган 10:32 26.10.2021)
Буга чейин Улуу Британиянын Саламаттык сактоо агенттиги коронавирустун AY.4.2 варианты "дельтага" салыштырмалуу бир нече эсе жугуштуу экенин айтып чыккан.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Коронавирустун "дельта" штаммынын AY.4.2 деп аталган жаңы варианты өтө жугуштуу экени жана антителого туруштук бере алары жөнүндөгү маалыматтар тактала элек. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесиндеги илдеттерди аныктоо боюнча жаңы ыкмаларды издеген илимий топтун жетекчиси Камиль Хафизовго шилтеме берип РИА Новости жазды.

Буга чейин Улуу Британиянын Саламаттык сактоо агенттиги коронавирустун AY.4.2 варианты "дельтага" салыштырмалуу бир нече эсе жугуштуу экенин айтып чыккан.

"Британиялык окумуштуулар алгачкы иликтөөлөрдөн кийинки жыйынтыктарды айтып жатышат. Бул жерде оорулуунун курагы, эмдөөдөн өткөн-өтпөгөнү сыяктуу маанилүү жагдайлар эске алынган жок. Мындай учурда жыйынтыкты өтө кылдаттык менен чыгаруу керек", — деди Хафизов.

Буга чейин Улуу Британиядагы Сенгер жана Кембридж окуу жайларынын окумуштуулары "дельта" штаммынын 10-15 пайызга көбүрөөк жуккан AY.4.2 варианты чыкканын айтышкан. Россияда вирустун бул варианты азырынча үч кишиден табылды. Ошол эле учурда адис Россияда коронавируска каршы колдонулуп жаткан вакциналардын күчү AY.4.2 вариантына дагы жетерин билдирүүдө.

4
Белгилер:
Улуу Британия, Россия, коронавирус, 'дельта' штаммы, коркунучтар, вариант
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Көптөрдүн үшүн алган COVID-19дун дельта-штаммынын сүрөтү жарыяланды
COVID-19дун оор түрүнө кабылгандардын мээси жабыркайт. Иликтөө