Улгайган адам кайсы тамактан жаа бою качышы керек

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүУлгайган аял базарда. Архив
Улгайган аял базарда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Жазылуу
Адистин пикиринде, адамдын жашы канчалык өйдөлөгөн сайын, тамак сиңирүү дагы ошончолук начарлай берет.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Улгайып калган адам кайсы тамактардан баш тартышы керектигин Sputnik радиосунун эфиринде диетолог, гастроэнтеролог Нурия Дианова айтып берди.
Адистин пикиринде, адамдын жашы канчалык өйдөлөгөн сайын, тамак сиңирүү дагы ошончолук начарлай берет. Андыктан айрым тамактарды азайтып, колдон келсе баш тартып койгон туура болот.
"Өзгөчө жарым фабрикаттар, консерваланган азыктар жана даамын күчөтчү каражаттар кошулган тамактардан оолак болгон жакшы. Такыр эле болбосо, күндүн биринчи жарымында жеш керек. Ошондой эле пальма майы кошулган кондитердик азыктардын дагы карып калган организмге пайдасы жок", — деди диетолог.
Дарыгердин айтымында, бул тамактар өтө кеч сиңет. Андыктан толугу менен иштелип бүткөнгө чейин организм майлардын баарын чогултуп алып, ашыкча салмак кошот. Ал эми улгайган адам толуп кеткенде дароо жүрөк-кан тамыр оорулары менен кант диабети пайда болот.
Сөзүнүн аягында адис тамак сиңирүү системасында көйгөй пайда болгон учурда улгайган гана адамдар эмес, жаштар дагы тез арада дарыгерге кайрылуусу керектигин эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0